Кыргызстандын эң ири университеттеринин бири болгон Ош мамлекеттик университетине караштуу Арашан гуманитардык институтунун теология факультети 2000-2001-окуу жылынан бери студенттерге теологиялык багытта билим берип келе жатат. Факультетте окутуу КР Билим Берүү жана Илим министрлиги тарабынан бекитилген лицензиясы жана окуу планынын негизинде кыргыз-түрк тилдеринде жүргүзүлөт.
Жалпысынан алганда 180 студентке ылайыкташтырылган окуу жайга жыл сайын 60 абитуриент кабыл алынат. Студенттер ЖОЖдор аралык уюштурулган олимпидаларга, кароо-сынактарга, илимий-практикалык конференцияларга жана спорттук мелдештерге катышышат. Ошондой эле күн сайын республикалык жана дүйнөлүк жаңылыктар менен кабардар болуп турушат.
Беш жыл толук билим алган соң, мамлекеттик үлгүдөгү жогорку билими тууралуу диплом алып, «Дин таануучу жана адеп сабагынын мугалими» квалификациясына ээ болот.