• Кыргызстан, Чүй облусу, Арашан ай., Чыңгыш Баатыр к., 36
  • (+996) 705 55 05 01 (+996) 779 55 05 01 (+996) 312 42 00 64
  • arashan.edu.kg@gmail.com
  • Соц тармактардан табыңыз:

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

================================================

Көчүрүп алуу үчүн > НББП

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

 

АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК ИНСТИТУТУ

 

 

 

 

 

 

 

 

«Бекитемин»

АГИнин директору________Жоробеков Т.А.

«____»_________20___-ж.

 

 

 

 

 

 

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

 

 

 

 

Даярдоо багыты: 531600 Теология

Профиль: Теология

 

 

 

Академиялык даража: бакалавр

 

 

 

Окуунун түрү: күндүзгү

Окуу мөөнөтү – 4 жыл

 

 

 

 

 

 

Арашан – 2020

М А З М У Н У

1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР. 3

1.1. 531600 Теология багыты боюнча бакалавр баскычындагы адистерди даярдоонун негизги билим берүү программасы.. 3

1.2. НББПда колдонулган терминдер. 3

1.3. НББПда колдонулган кыскартуулар. 4

1.4. 531600 Теология багыты боюнча бакалавр баскычындагы адистерди даярдоонун НБПП иштеп чыгуудагы нормативдик документтер. 4

2. НББПнын МАКСАТЫ ЖАНА КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР. НББПны ӨЗДӨШТҮРҮҮГӨ ТАЛАПТАР. 5

2.1. 531600 Теология багыты боюнча НББПын максаттары.. 5

2.2.  531600 Теология багыты НББПын октуунун натыйжалары.. 5

2.2.1. Окутуунун максаттары менен окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы: 6

2.2.2. Компетенциялардын окутуунун натыйжаларына дал келүүчүлүк матрицасы: 6

2.3. Бакалаврды даярдоодогу НББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына талаптар. 6

2.3.1. 531600 ТЕОЛОГИЯбагыты боюнча "бакалавр" академиялык даражасына ээ болуучу бүтүрүүчү төмөнкүдөй компетенцияларга ээ болушу зарыл: 6

2.3.2. Абитуриенттердин (талапкерлердин) даярдыгынын билим деңгээлине талаптар. 9

2.4. Теология 531600  багыты боюнча бакалавриат баскычындагы   бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик мүнөздөмөсү  9

2.4.1. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердик чөйрөсү. 9

2.4.2. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин объектилери. 9

2.4.3. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин түрлөрү. 10

2.4.4. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин милдеттери: 10

3. ТЕОЛОГИЯ БАГЫТЫ БОЮНЧА ОКУУ ЖАНА ЖУМУШЧУ ОКУУ ПЛАНЫ... 11

4. ТЕОЛОГИЯ БАГЫТЫ БОЮНЧА НББПнын КОМПЕТЕНЦИЯЛАР КАРТАСЫ... 11

5. 531600 Теология багыты боюнча бакалавр баскычындагы адистерди даярдоодо окутулуучу дисциплиналардын аннотациялары... 12

5.1.Окуу планындагы базалык дисциплиналардын программасына аннотация. 12

5.2.ЖОЖ компоненттерине кирген дисциплиналардын программасына аннотация. 12

5.3.Жумушчу окуу пландагы элективдүү курстардын программасына аннотация. 12

5.4.Практикалардын программасына аннотация. 12

6. НББПнын ИШКЕ АШЫРУУНУ ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ЖАНА МААЛЫМАТТЫК КАМСЫЗДОО   13

6.1. НББПны ишке ашыруунун кадрдык камсыздалышы.. 13

6.2. Окуу процессинин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздалышы.. 14

6.3. Окуу-процессинин материалдык-техникалык камсыздалышы.. 14

7. НББПны ӨЗДӨШТҮРҮҮ САПАТЫН БААЛОО СИСТЕМАСЫНЫН НОРМАТИВДИК-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ... 14

7.1.Жетишүүнүн учурдагы текшерүү жана аралык аттестация. 14

7.2.НББПын бакалавр баскычында бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо. 15

8. НББПны иштеп чыккандар, эксперттер. 15

1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. 531600 Теология багыты боюнча бакалавр баскычындагы адистерди даярдоонун негизги билим берүү программасы

531600 Теология багыты боюнча НББП Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2003-ж. 30-апрелдеги “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-ж. 15-сентябрдагы № 1179/1 буйругу менен  бекитилген  Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыкты.

НББП Теология багыты боюнча академиялык “бакалавр” баскычындагы адистерди даярдоого багытталат. НББП окутуунун максатын, күтүлүүчү натыйжаларын, мазмунун, окуу процессин ишке ашыруунун технологияларын, шарттарын регламенттештирет жана адистерди даярдоонун сапатын баалоону аныктап, өз ичине: окуу планын, окуу курстарынын, предметтердин, дисциплиналардын (модулдардын) жумушчу программаларын жана адаптациялык-педагогикалык, профилдик-базалык, кесиптик-профилдик жана квалификация алдындагы практикалардын окуу-методикалык мазмундагы документтерин ичине камтыйт.

531600 Теология багыты боюнча НББП бакалавр баскычында адистерди даярдоо “Дин таануу жана жалпы билим берүү” кафедрасы тарабынан ишке ашырылат.

1.2. НББПда колдонулган терминдер

Жогорку кесиптик билим берүүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартындагы терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасы тарабынан бекитилген тартипте кабыл алынган жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык документтерге ылайык  колдонулат: 

-негизги билим берүү программасы– тийиштүү багыт боюнча даярдоодо билим берүү процессин ишке ашырууну уюштуруу жана анын мазмунун, күтүлүүчү натыйжаларды, максаттарды аныктаган окуу-усулдук документациялардын жыйындысы;

-даярдоо багыты– фундаменталдык жактан даярдоодо жалпы биригүүнүн негизинде жогорку кесиптик билими (адистерди, бакалаврларды, магистрларды) менен  ар түрдүү профилдеги кадрларды даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;

- профиль – кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүнө жана (же) объектисине карата билим берүү программасынын негизги багыттуулугу;

-дисциплиналардын цикли– окутуунун, тарбиялоонун бекитилген жыйынтыктарына жана максаттарына карата логикалык жактан белгилүү бүтүндүккө ээ болгон билим берүү программасынын бир бөлүгү же окутулуучу сабактарынын жыйындысы;

-модуль – окутуунун, тарбиялоонун бекитилген жыйынтыктарына жана максаттарына карата логикалык жактан белгилүү бүтүндүккө ээ болгон окутулуучу сабактардын бир бөлүгү;

- компетенция – тийиштүү тармактагы кесиптик ишмердүүлүккө окуу үчүн зарыл жеке сапаттардын, билимдин, шыктуулуктун жана көндүмдөрдүн динамикалык айкалышы;

-бакалавр – 4 жылдан кем эмес ченемдик окуу мөөнөтүндө жогорку кесиптик билимдин тиешелүү негизги билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн адамдарга аттестациянын  жыйынтыктары боюнча ыйгарылуучу академиялык даража жана ал ага ээ болгондорго белгилүү кесиптик ишмердүүлүк менен иш алып барууга же тиешелүү багыт боюнча  «магистр» академиялык даражасын алуу үчүн билим алууну улантууга укук берет; 

- магистр – 2 жылдан кем эмес ченемдик окуу мөөнөтүндө жогорку кесиптик билимдин негизги билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн жана тийиштүү багыт боюнча бакалавр академиялык даражасына ээ болгон адамдарга аттестациянын  жыйынтыктары боюнча ыйгарылуучу академиялык даража жана ал ага ээ болгондорго белгилүү кесиптик ишмердүүлүк менен иш алып барууга же аспирантурада  билим алууну улантууга укук берет; 

-кредит (зачеттук бирдик) – негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек көлөмүнүн шарттуу ченеми;

- окутуунун натыйжалары – негизги билим берүү программасы\модуль боюнча окутуунун жыйынтыгында жеткен иш билгиликтер;

1.3. НББПда колдонулган кыскартуулар

531600 Теология багыты боюнча НББПда төмөнкүдөй кыскартуулар кездешет:

МББС –Мамлекеттик билим берүү стандарты;

ЖМКББ – Жогоркукесиптикбилимберүү;

НББП – Негизгибилимберүүпрограммасы;

ОМК – Окууметодикалыккомплекс;

  • – Негизгибилимберүүпрограммасындагыдисциплиналар
    циклы;

ECTS – Европа кредит ташуу системасы (European Credit Transfer and Accumulation System);

ЖМК – жалпы илимий компетенциялар

ИК – инструменталдык компетенциялар

СЛК – социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар

КК– кесиптик компетенциялар

ОН – окутуунун натыйжалары

ОМ – окутуунун максаты

1.4. 531600 Теология багыты боюнча бакалавр баскычындагы адистерди даярдоонун НБПП иштеп чыгуудагы нормативдик документтер

НБППнын нормативдик укуктук базасын төмөнкүлөр түзүп турат:

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы (№92 30-апрель 2003-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2004-ж. 3-февралда бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнү уюштуруу жөнүндөгү № 53 жобосу;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-ж. 15-сентябрдагы № 1179/1 буйругу менен  бекитилген  Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү стандарты (ГОС);
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин нормативдик-методикалык документтери;
  • ОшМУнун Уставы.

 

 

 

2. НББПнын МАКСАТЫ ЖАНА КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР.

НББПны ӨЗДӨШТҮРҮҮГӨ ТАЛАПТАР

2.1. 531600 Теология багыты боюнча НББПын максаттары

Теология багытында “бакалавр” академиялык баскычындагы адистерди даярдоодо төмөнкү максаттар аныкталган:

М-1.Студенттердин жалпы илимий жана кесиптик окуу түрмөктөрүндөгү билимдерин кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга даяр болуусун камсыздоо.

М-2.Студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын калыптандырып, аларды коомдогу маданияттык-нравалык жана илимий баалуулуктарды сыйлаган, ишмердүүлүгүндө укуктук жана этикалык нормаларды сактаган адис катары даярдоо.

М-3.Эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алган, кызыкдар тараптардын талаптарына жооп берген педагогикалык ишмердикке, ошондой эле мамлекеттик структураларда, коомдук уюмдарда жана диний тармакта активдүү эмгектенүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо.        

2.2. 531600 Теология багыты НББПын окутуунун натыйжалары

 

 

Окутуунуннатыйжасы

Компе

тенция

лар

ОН-1

Гуманитардык жана табигый илимдердин негизги жоболорун пайдаланып учурдагы жашоого багыт алууга жөндөмдүү болот.

ЖМК-1

ЖМК-2

 

ОН-2

Кесиптик ишмердүүлүгүндө маалымат менен иштөөнүн негизги ыкмаларын, программалык каражаттарды пайдаланат, маалыматты башкаруунун каражаты катары компьютерде иштей алат.

ЖМК-3 ИК-5

КК-4

КК-13

 

ОН-3

Окутуунун түрдүү меттоддорун, формаларын жана баалоо технологияларын пайдаланып, окуу-тарбия жана билим берүү ишмердүүлүгүндө колдоно алат.

КК-5

КК-6

 

ОН-4

Кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешелүү илимий изилдөө иштерин жүргүзө алат.

КК-1

КК-2

КК-3

ОН-5

Кесиптик ишмердүүлүгүндө эксперттик, кеңеш берүүчүлүк жана өкүлчүлүк сыяктуу милдеттерди аркалоо жөндөмүнө ээ болот.

КК-8

КК-9

КК-10

КК-11

ОН-6

Коллектив менен иштешүү жана чакан тайпаны башкаруу, долбоорлордун үстүндө иштөө жөндөмүнө ээ болот.

ЖМК-4,

ИК-6,

СЛК-5,

КК-15,

КК-16

КК-17

ОН-7

Мамлекеттик жана расмий тилде так жана негиздүү, ал эми кайсы бир чет тилде социалдык баарлашуу деңгээлинде сүйлөй алат жана шшмердүүлүгүнө байланыштуу баарлашууларды жана үгүт-насыят иштерин жүргүзүү жөндөмүнө ээ болот.

ИК-2

ИК-3

ИК-4

СЛК-4

ОН-8

Адамдарга урмат-сый, бөлөк маданияттарга толеранттуулук менен коомдук мамилелерди түзүү жана диалог куруу жөндөмүнө ээ болот.

СЛК-1

СЛК-3

ОН-9

Өзүнүн ишмердүүлүгүн жеткиликтүү деңгээлде баалай алат жана жетишкендиктерин өркүндөтүүгө, кемчиликтерин жоюуга жөндөмдүү болот.

ЖМК-6,

ИК-1

СЛК-2

 

ОН-10

Теология боюнча базалык билимин, анын принциптерин жана методдорун социалдык-практикалык ишмердүүлүктө активдүү колдонууга жөндөмдүү болот.

КК-7

КК-12

КК-14

 

2.2.1. Окутуунун максаттары менен окутуунун натыйжаларынын дал келүүчүлүк матрицасы:

 

Окутуунун

натыйжа-

жалары

 

 

Максаттар

 

ОН-1

ОН-2

ОН-3

ОН-4

ОН-5

ОН-6

ОН-7

ОН-8

ОН-9

ОН-10

ОМ-1

+

+

+

 

 

 

+

 

+

+

ОМ-2

 

 

 

+

+

+

+

+

+

+

ОМ-3

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

 

2.3. Бакалаврды даярдоодогу НББПны өздөштүрүүнүн натыйжаларына талаптар.

2.3.1. 531600 ТЕОЛОГИЯбагыты боюнча "бакалавр" академиялык даражасына ээ болуучу бүтүрүүчү төмөнкүдөй компетенцияларга ээ болушу зарыл:

а) универсалдык:

 жалпы маданий компетенциялар (ЖМК):

ЖМК-1 – Курчап турган дүйнө тууралуу илимий маалыматтардынбирдиктүү системасына ээ болуу менен турмуштук, маданий баалуулуктарда багыт ала билүүгө жөндөмдүү;

ЖМК-2 – Кесиптик маселелерди жөнгө салууда математикалык, табигый, гуманитардык, экономикалык илимдердин негизги жоболорун колдоно алат;

ЖМК-3 – Заманбап  информациялык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдердиөз алдынча жеткиликтүү деңгээлде өздөштүрүүгө жөндөмдүү;

ЖМК-4 –Салттуу усулдарды колдоно алат жана аларды ишке ашыруу үчүн жаңы ыкмаларды табат, ошондой эле изилдөө ишмердүүлүгүнүнбазалык ыкмаларын колдонуу менен долбоорлордун үстүндө иштөөгө катыша алат.

ЖМК-5 – Илимдеги, техникадагы жана технологиядгы кесиптик чөйрөгө  тиешелүү  жаңы кубулуштардын социалдык-экономикалык жана маданий таасирлерин анализдей жана баалай алат;

ЖМК-6 – Өз эмгегин илимий негизде баалай алат, өзүнүн ишмердүүлүгүн өз алдынча жеткиликтүү деңгээлде баалай алат.

Инструменталдык компетенциялар (ИК):

ИК-1 – Маалыматты кабылдайт, жалпылайт жана анализдейт, максаттарды коёт жана ага жетүүнүн жолдорун тандайт;

ИК-2 – Өзүнүн оозеки жана жазуу түрүндөгү сөзүн мамлекеттик жана расмий тилде так, негиздүү жана логикалык жактан туура түзүүгө жөндөмдүү;

ИК-3 – Социалдык баарлашуу деңгээлинде кайсы бир чет тилинде сүйлөй алат;

ИК-4 – Жумушка тиешелүү баарлашууларды: эл алдында сүйлөөнү, сүйлөшүүлөрдү, кеңешмелерди өткөрүүнү, иш каттарын жазышууларды, анын ичинде коммуникациянын электрондук каражаттарынын жардамы менен дагы жүргүзө алат;

ИК-5 – Маалыматтарды алуунун, сактоонун жана иштеп чыгуунун негизги усулдарын, ыкмаларын жана каражаттарын пайдалана билет,  маалыматты башкаруунун каражаты катары компьютерде, анын ичинде глобалдык компьютердик тармактарда жана корпоративдик информациялык системаларда да иштей билүү тажырыйбасына ээ;

ИК-6 – Уюштуруучулук чечимдерди иштеп чыгууга катыша алат;

Социалдык-личносттук компетенциялар (СЛК):

СЛК-1–Коомдо кабыл алынган моралдык жана укуктук нормалардын негизинде өз ара социалдык кызматташууга жөндөмдүү, адамдарга урматтоо менен, бөлөк маданияттарга толеранттуулук менен, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого даярдык менен мамиле жасайт;

СЛК-2 – Өзүнүн жетишкендиктерин жана кемчиликтерин сын көз караш менен баалай алып, өз жетишкендиктерин өнүктүрүүнүн жана өз кемчиликтерин жоюунун жолдорун аныктап, керектүү каражаттарды тандай алат;

СЛК-3 – Жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарынын негизинде диалог курууга даяр жана жигердүү жарандык позицияны ээлөөгө жөндөмдүү;

СЛК-4 – Сергек жашоо мүнөзүн үгүт-насыят кылуу, жаратылышты коргоо жана ресурстарды акыл-эстүүлүк менен пайдалануу үчүн зарыл билимдерди колдоно алат;

СЛК-5 – Жамаат менен иштеше алат, анын ичинде сабактар аралык долбоорлордун үстүнөн да иштөөгө жөндөмдүү.

Кесиптик компетенциялар (КК):

Илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүтармагында:

КК-1– Теологиянын негизги бөлүмдөрүнүн маалыматтарын пайдаланат жана алардын ортосундагы өз ара байланыштарды айкын көрө билет,  изилдөөнүн темасы боюнча маалыматтарды жыйнайт, системалаштырат жана талдайт, теологиялык билимдердин бирдиктүүлүгүн эске алуу менен илимий изилдөөнү жүргүзүүнүн негизги жоболорун жана усулдарын  өзүнүн илимий изилдөө иштеринде колдонууга, алынган натыйжаларды  илимий жүгүртүүгө (оборотко) киригизүүгө жана каттоого (оформление) даяр;

КК-2– Теологиялык мазмундагы маселелерди чечүүнүн стандарттык усулдарын пайдалана алат.

КК-3– Теологиялык маселелерде (проблематика боюнча) илимий изилдөөлөргө катышат.

КК-4– Заманбап маалыматтык коомдун өнүгүүсүндөгү информатиканын маанисин жана маңызын түшүнөт, бул жараянда пайда болуп жаткан коркунучтарды аңдап-сезет,  маалыматтык коопсуздуктун негизги талаптарын, анын ичинде мамлекеттик сырларды да сактай билет; маалыматтарды алуунун, сактоонун жана иштеп чыгуунун негизги усулдарын, ыкмаларын жана каражаттарын пайдалана билет,  маалыматты башкаруунун каражаты катары компьютерде, анын ичинде, глобалдык компьютердик тармактарда жана корпоративдик информациялык системаларда да иштей билүүнүн тажырыйбасына ээ болот.

Окуу-тарбиялык жана билим берүү ишмердүүлүгү тармагында:

КК-5– Окуу курстарынын элементтерин иштеп чыгуу жана методикалык материалдарды даярдоо үчүн негизги метод жана принциптерди колдонот; жалпы жана адистик окуу курстарыбоюнча библиографиялык жана булактык обзор түзө алат.

КК-6– Орто жана жогорку окуу жайларында окуу проссецинде ассистенттик кызматты аткарууда (билим берүүгө окутуучунун жетекчилиги алдында катышуу) заманбап окутуу жана уюштуруу ыкмаларын, принциптерин колдоно алат; окуучулардын өз алдынча иштерин жана окуудан сырткаркы иш-чараларды уюштура алат.

Социологиялык-практикалык ишмердүүлүк тармагында:

КК-7– Теологиялык билимдин негиздерин, принциптерин, методдорун жана бул ишмердүүлүктүн ар кандай формаларын иш жүзүндө колдоно алат; диний уюмдардын практикалык ишмердүүлүктөрүн изилдөөгө катышат жана бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгын колдоно алат;

Эксперттик-консультативдик ишмердүүлүк тармагында:

КК-8– Кесиптик ишмердиктин обьекттилерине ылайык материалдарды чогултат, анализдейт, системалаштырат.

КК-9– Конкреттүү профилдүү эксперттик-консультативдик маселелерди чечүүдөгү анализдин натыйжаларынколдоно алат;

Өкүлчүлүк-ортомчулук ишмердүүлүк тармагында:

КК-10– Тарых, типология жана өз ара мамилелердеги актуалдуу проблемалар боюнча билимдерди диний уюм катары жана диндер аралык, маданий (цивилизациялык), коомдук, мамлекеттик жана илимий контекстте пайдаланат.

КК-11– Жогоруда аталган билимдерди диний уюмдардын катышуусундагы координациялуу структуралардагы иштерде жана ошондой эле теологиянын бардык кесиптик ишмердигиндеги өкүлчүлүк-ортомчулук функцияларын ишке ашырууда колдонот.

Профилдик-адистештирилген ишмердүүлүк тармагында:

КК-12– Теология боюнча базалык билимдерди активдүү колдонот, ошондой эле профилдүү теологиялык дисциплинаны өздөштүрүү үчүн (профилдүү багытка ылайык) филология, маданият таануу, тарых, философиянын фундаменталдуу бөлүмдөрүнүн адистештирилген билимдерин пайдаланат.

КК-13– Коюлган профессионалдуу маселелерди чечүү үчүн (профилдүү багытка ылайык) заманбап техникалык каражаттарды жана маалымат технологиясын колдонот.

Социалдык-практикалык ишмердүүлүк тармагында:

КК-14– Теология жөнүндөгү билимдердин негиздерин, принциптерин, методдорун жана бул ишмердүүлүктүн ар түрдүү формаларын практикалык ишинде колдоно алат; конфессиянын практикалык ишмердүүлүгүн изилдөөгө катышат жана бул изилдөөлөрдөн жыйынтык чыгарат.

Уюштуруу-башкаруу ишмердүүлүгү тармагында:

КК-15– Адистикке байланыштуу базалык билимдерин экономика, экономикалык окууларда жана социалдык башкарууда колдоно алат;

КК-16– Чакан тайпаны башкаруу ишмердүүлүгүнө, коомдук маалыматтык жана кеңеш берүүчүлүк иштерди, анын ичинде музейлерге саякат өткөрүү, мектептерде олимпиадаларды өткөрүү, китеп жана музей көргөзмөлөрүн уюштуруу жөндөмүнө ээ болот;  

КК-17– Китеп, журнал, сөздүк жана энциклопедиялык долбоорлорду, жамааттык автордук ишмердүүлүктү уюштура алат.

2.3.2. Абитуриенттердин (талапкерлердин) даярдыгынын билим деңгээлине талаптар

            Жалпы республикалык тестирлөөдөн алган баллы коюлган чекке жетүүсү (жалпы -110 балл, предметтик – 60 балл);

Мамлекеттик үлгүдөгү орто же орто кесиптик (жогорку) билими тууралуу документтин болушу;

Психологиялык абалынын, ден-соолугунун билим алууга мүмкүндүк берүүсү зарыл.

2.4. Теология 531600  багыты боюнча бакалавриат баскычындагы бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик мүнөздөмөсү

531600 Теология багыты боюнча бакалаврдын кесиптик ишмердигинин мүнөздөмөсү ЖМКББ Мамлекеттик стандартында белгиленген.

2.4.1. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердик чөйрөсү

531600 Теология багыты боюнча (бакалавр) бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик ишмердик чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Жалпы орто билим берүү  жана орто кесиптик билим берүү мекемелери (орто мектептер, гимназиялар, лицейлер ж.б.);
  • Жогорку билим берүү мекемелери, маданият жана ЖМК мекемелери, диний проблематика менен байланыштуу академиялык жана илимий изилдөө уюмдары;диний бирикмелер менен өз ара кызматташканмамлекеттик жана муниципиалдык мекемелер;

2.4.2. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин объектилери

531600 Теология багытында бакалавр академиялык даражасына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн ишмердик объектилери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга таалим-тарбия берүү;
  • окуу жараянына консультация берүү, аны технологиялык жактан камсыздоо жана уюштуруу;
  • музей экспонаттарын иштеп чыгуу жана баяндап жазуу, эскурсияларды башкаруу.
  • диний жана дин таанууга тиешелүү материалдардын жана китепкана, архимвдердеги адабияттардын каталогун түзүү;
  • диний материалдар боюнча ЖМКга консультация берүү, иштеп чыгуу жана аларга материал берүү;
  • басмаканаларда диний жана дин таанууга тиешелүү адабияттарга жалпы жана илимий редакция жүргүзүү;
  • тийиштүү мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын ишмердүүлүгүнүн чегинде диний уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашыруу;

2.4.3. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин түрлөрү

531600 Теология багыты боюнча бакалавр төмөндөгүдөй кесиптик ишмердигинин түрлөрүнө даяр болот:

  • илимий-изилдөөчүлүк;
  • педагогикалык;
  • уюштуруу-башкаруучулук

2.4.4. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин милдеттери:

              531600 Теология багыты боюнча бакалавр адиси өзүнүн кесиптик милдеттерине ылайык төмөндөгүдөй маселелерди чечүүгө тийиш:

илимий-изилдөөчүлүк ишмердиги багытында:

  • теология, теологиялык жана дин таануу дисциплиналары тармагында кесиптик билимдин мазмунуна ээ болуу;
  • теология, теологиялык жана дин таануу дисциплиналары тармагында кесиптик-профилдүү билимдин мазмунуна ээ болуу;
  • электрондук каражаттардын жана китепкана каталогдорунун жардамы менен теология, теологиялык жана дин таануу дисциплиналары тармагындагы керектүү маалыматтарды издөө жана табууга жөндөмдүү болуу;

педагогикалык ишмердиги:

  • лекциянын, сабактын жана педогогикалык ишмердиктин башка формаларынын жүрүшүндө өздөштүрүлгөн билимди логикалык жана ырааттуу түрдө жүзөгө ашыруу менен жалпы орто билим берүүчү мектептерде, лицей жана гимназияларда коом таануу курстарын, ошондой эле дин таануу дисциплиналарын (диндердин тарыхы, дүйнөлү диндердин негиздери, конфессионалдык теология, дин философиясы, дин психологиясы ж.б.) окутуу;
  • мектеп окуучулары менен байланышта болуп, окуткан сабагы жана өлкөдөгү коомдук, саясий жана маданий абал жөнүндө ар түрдүү суроолор боюнча алар менен баарлашуу, дискуссия жүргүзүү; бул боюнча өзүнүн позициясын айтуу жана аны аргументтөө;
  • кезектеги сабакка даярдануу, өтүлгөн материалдар боюнча текшерүү жүргүзүү жана окуучулардын билимин баалоо;
  • окуу жараянынына психологиялык-педогогикалык жактан таасир этүү жөндөмүнө ээ болуу;
  • өзүнүн педагогикалык ишмердигин максатка ылайык уюштуруу жана пландоодо, турмуштук стратегияларды калыптандырууда жана өндүрүштүк маселелерди чечүүдө алган билимин колдоно билүү;

уюштуруу-башкаруу ишмердиги:

  • организациялык жана организациялык эмес контексттерде эффективдүү түрдө кызматташуу; эл аралык контекстте иштөө;
  • кызмат ишине байланыштуу кат алышуу жөндөмүнө ээ болуу;

 

 

3. ТЕОЛОГИЯ БАГЫТЫ БОЮНЧА ОКУУ ЖАНА ЖУМУШЧУ ОКУУ ПЛАНЫ

Тиркеме 1: Окуупландары

Тиркеме 2: Жумушчуокуу планы

 

4. ТЕОЛОГИЯ БАГЫТЫ БОЮНЧА НББПнын КОМПЕТЕНЦИЯЛАР КАРТАСЫ

 

Дисциплина

лар

ЖМК-1

ЖМК-2

ЖМК-3

ЖМК-4

ЖМК-5

ЖМК-6

 

ИК-1

ИК-2

ИК-3

ИК-4

ИК-5

ИК-6

СЛК-1

СЛК-2

СЛК-3

СЛК-4

СЛК-5

КК-1

КК-2

КК-3

КК-4

КК-5

КК-6

КК-7

КК-8

КК-9

КК-10

КК-11

КК-12

КК-13

КК-14

КК-15

КК-16

КК-17

1

Кыргыз тили ж-а адаб.

 

+

 

 

 

 

 

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

Чет тили

 

+

+

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3

Орус тили

 

+

 

 

 

 

 

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4

Ата мекен тарыхы

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

5

Философия

+

+

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

6

Манас таануу

 

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7

(ВК) Укук таануу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

8

Математика ж-а информатика

 

+

+

 

+

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

9

Экология

+

+

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

10

(ВК) Кыргыз. геогр.

 

+

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

11

(ВК)КСЭ

+

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

12

Араб тили

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

+

13

Ыйык китеп.үйрөнүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

14

Акыйда

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

15

Ислам.юрисп.

 

 

 

 

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

16

Ыйык осуят. үйрөнүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

17

Диндер тарыхы

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

+

 

+

 

+

+

18

Пайгамбардын өмүр баяны

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

+

 

+

 

 

+

 

 

 

 

19

Ислам этикасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

20

(ВК) Пед. психология

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

21

(ВК) Адистикке киришүү

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

+

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

22

(ВК) Куран

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

+

23

(ВК) Диний ритуалд.норм.

+

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

24

(КПВ) Илим изилд.метод.

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

25

(ВК) Дин таан. дисц.окут.ус.

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

26

(ВК) Дин илиминин классик.тили

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

27

(ВК) Ислам.укугуна киришүү

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

28

(ВК) Хадис таануу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

29

(КПВ) Ислам тарыхы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

+

+

30

(ВК) Куранды чечмелөө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

31

(ВК) Ислам агымд. тарыхы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

+

+

 

 

+

 

 

 

32

(КПВ) Ислам логикасы

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

33

(КПВ Диний риторика

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

 

+

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

34

Адаптациялык-пед.практика

+

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

35

Профилдик-базалык практика

 

 

 

 

 

+

 

 

 

+

 

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

 

 

 

+

 

 

36

Кесиптик-профилдик практика

 

 

 

 

 

+

 

 

 

+

 

+

 

+

 

 

 

+

 

 

 

+

+

 

 

 

 

 

+

 

 

+

+

 

 

5. 531600 Теология багыты боюнча бакалавр баскычындагы адистерди даярдоодо окутулуучу дисциплиналардын аннотациялары

5.1.Окуу планындагы базалык дисциплиналардын программасына аннотация

 

Кыргыз тили жана адабияты

 

 

  1. Кыргыз тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин мамлекеттик тилде кеп ишмердүүлүгүн (сүйлөө, жазуу, окуу, угуу) өстүрүү;
  • алган билим, көндүмдөрүн кесиптик ишмердүүлүктөрүндө туура пайдаланууга көнүктүрүү
  • кыргыз элинин маданий баалуулуктары менен тааныштыруу жана түшүнүктөрүн тереңдетүү:

 а) кыргыз  элинин тарыхы ;

б) каада-салттар, үрп-адаттар

в) тарыхый инсандар;

г) чечендик өнөр;

д) кыргыз географиясы (жаратылышы)

- аталган дисциплина аркылуу мекенчил болууга, эли-жерин сыйлоого тарбиялоо.

            Ошондой эле Кыргыз эл акындарын, жазуучуларын жана алардын чыгармаларын билүү менен бирге, адабий тилдин нормасынын негизинде сүлөгөн, кыргыз элинин материалдык жана моралдык баалуулуктарын сыйлаган, патриот жаштарды калыптандыруу.

2. НББПдагы орду: ГСЕ циклындагы базалык бөлүккө кирет (Б1-1.1), 8 кредит – 240 саат.

3.Кыскача мазмуну: Жалпы жана терминологиялык мүнөздөгү 2000 сөз, сөз айкашы көлөмүндө лексикалык    минимум.    Колдонуусуна    жараша   лексикалык    айырмалоо (турмуш-тиричилик, терминологиялык, официалдуу ж.б.). Тилдин негизги закон   ченемдүүлүктөрү   жөнүндө   түшүнүк.   Эркин   жана   туруктуу   сөз айкаштары, фразеологиялык бирдиктер жөнүндө түшүнүк.  Сөз жасоонун негизги ыкмалары жөнүндө түшүнүк. Байланыштуу кепти оозеки жана жазуу түрүндө түзүүгө талап кылынган негизги грамматикалык каражаттар жөнүндө түшүнүк. Сүйлөө. Маек, жеке кеп салуу формасында эң керектүү жана жөнөкөй лексикалык, грамматикалык каражаттарды колдонуу менен негизги байланыштуу   кырдаалдарында   пикирлешүү   жана   оюн   баяндоо.   Окуу. Турмуш-тиричилик   жана   мекен   таануу   тематикасындагы   жана   кесипке байланыштуу   текстти   окуп   түшүнүү.   Жөнөкөйлөнүштүрүлгөн   көркөм тексти   окуп   түшүнүү.   Жазуу.   Диктант,   изложение,   чакан   сочинение, билдирүү,  кат, өмүр баян. Кыргыз эле акындары менен жазуучулары жана алардын чыгармалары окуп үйрөтүү

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Кыргыз тили жана адабияты» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, ИК-1, ИК-4.

Орус тили

  1. Орус тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө активдүү роль ойноочу кептик билим жана билгичтиктерин калыптандыруу.
  2. НББПдагы орду: ГСЕ циклындагы базалык бөлүккө кирет (Б1-1.3), 4 кредит – 120 саат.
  3. Кыскача мазмуну: Лексический минимум в объеме 2000 учебных лексических единиц общего и терминологического характера. Понятие дифференциации лексики по сферам применения (бытовая, терминологическая, общенаучная, официальная и др.). Понятие о свободных и устойчивых словосочетаниях, фразеологических единицах. Понятие об основных      способах      словообразования. Грамматические  навыки,  обеспечивающие коммуникацию  без искажения смысла при письменном и устном общении общего характера; основные грамматические явления, характерные для профессиональной речи. Понятие об обиходно-литературном, официально-деловом, научном стилях, стиле художественной    литературы.    Основные особенности  научного   стиля. Говорение.  Диалогическая   и   монологическая   речь с использованием наиболее употребительных и относительно простых лексико-грамматических средств  в основных   коммуникативных ситуациях неофициального и официального   общения. Основы публичной речи (устное   сообщение, доклад). Чтение. Виды текстов: несложные, прагматические тексты, тексты по широкому и узкому профилю специальности. Письмо. Виды речевых произведений: аннотация, реферат,  тезисы, сообщение, частное  письмо, деловое письмо, биография.
  4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Орус тили» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-2, ИК-2, ИК-4.

 

 

Чет (англис) тили

 

 

  1. Англис тили предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студент келечекте кесибинде англис тили боюнча алган билимин пайдалана билүү;

Өзүнүн кесибине түшүнүү менен терең мамиле жасоого тарбиялоо;

Студенттердин жалпы маданий кругозорун кеңейтүү;

Алган билимдерн пайдаланып, өз ара сүйлөшө билүү;

Өз алдынча илимий-экономикалык, адабий мазмундагы адабияттарды түшүнүп, окуй билүү;

Интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу үчүн тынымсыз изденүү.

  1. НББПдагы орду: ГСЕ циклындагы базалык бөлүккө кирет (Б1-1.2), 4 кредит – 120 саат.
  2. Кыскача мазмуну: Үйрөнүп жаткан тилдин тыбыштарды айтуудагы өзгөчөлүктөрү, интонация, басым жана сөздүн нейтралдуу ритми: профессионалдуу баарлашуудагы толук стилдин  негизги өзгөчөлүктөрү, транскрипциялардын окулушу. 500 ден кем эмес өлчөмдө лексикалык жалпы жана терминологиялык бирдик. Лексиканы колдонуу (турмуш-тиричилик, терминологиялык, жалпы илимий, официалдуу ж.б.) чөйрөсүндө дифференциация түшүнүгү. Фразеологиялык бирдиктеги эркин жана туруктуу сөз айкаштары жөнүндө түшүнүк. Сөз жасоонун негизги жоболору тууралуу түшүнүк. Оозеки жана жазуу жүзүндө баарлашуудагы грамматикалык көнүгүүлөр, профессионалдуу кепке тиешелүү болгон грамматиканын негиздери. Көркөм, күнүмдүк, официалдуу жана илимий стилдер жөнүндө түшүнүк.  Илимий стилдин негизги өзгөчөлүктөрү. Чет элдик каада-салт, маданият жана кеп этикетинин эрежелери. Сүйлөө. Официалдуу жана официалдуу эмес баарлашуунун негизги коммуникативдик жагдайлардагы көбүрөөк колдонулуучу жана жөнөкөй лексикалык, грамматикалык каражаттарды пайдалануу менен диалог жана монологдор түзүү. Оозеки кептин (доклад) негиздери. Аудиожазуу. Турмуш –тиричилик жана профессионалдык коммуникация чөйрөсүндө диалог жана монолог түшүнүктөрү. Окуу. Тексттин түрлөрү, жазуу. Кептик чыгармачылыктын түрлөрү: аннотация, реферат, тезис, кат, биография ж.б.
  3. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Англис тили» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-2, ЖМК-3, ИК-3, ИК-4.

 

 

Ата мекен тарыхы

 

 

  1. Ата мекен тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты:  Эң байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин болгон жана болуп жаткан окуяларга анализ берүү менен бирге мекенге болгон сүйүүнү арттыруу, патриоттуулукка тарбиялоо.
  2. НББПдагы орду: ГСЕ циклындагы базалык бөлүккө кирет (Б1-1.4), 4 кредит – 120 саат.
  3. Кыскача мазмуну: Тарыхый билимдин пайда болушу, формасы жана кызматы. Тарыхты үйрөнүүнүн усулдары жана булактары. Тарыхый булак түшүнүгү классификациясы. Тарыхчылар “кыргыз” этноними жөнүндө. Кыргыз элинин келип чыгуусу жана отурукташуусу жөнүндө үч негизги багыттар. Кыргызстан тарыхы – дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү. Байыркы заман. Сактар, гунндар, усундар. Давань мамлекети. Калк Улуу көчмөн доорунда, Атилла. Мамлекеттин куралышынын негизги этаптары. Байыркы Орусия жана Улуу даража. Түрк каганаты, социалдык жана аскердик түзүмдүн өзгөчөлүктөрү. Кыргыз мамлекети жана улуу держава. Караханий каганаты, Исламды кабыл алышы. Шаарлар, илим, адабият (Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари). Улуу Жибек Жолу соода сатыгы. Кыргыздар Чынгыз  мамлекетинде. 13-14 к. өз ара таасир берүү проблемалары. Темирлан жана орто кылымдагы Европа жана Азия мамлекеттери. Кыргыздардын мамлекеттик – саясий консолидациясы. Тянь-Шанда кыргыздардын этногенез процессинин аякталышы. Кыргызстан 16-17 к. башында. Кыргызстан жана Кокон хандыгы, Кокон хандыгындагы коомдук-саясий жашоосундагы  кыргыз феодалдарынын ролу. Акбото бий, Курманжан Датка. Россия менен элчилик – дипломатиялык байланыштар. Россиянын курамында. Кыргызстан – Россия империясынын колониясы. Жаңы административдик территориалдык башкармалык, налогдор, жер саясаты. Кыргызстандагы өнөр жайлардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү. Орус маданияты 19-к. жана анын дүйнөлүк маданиятка салымы. Дүйнөлүк тарыхтагы ХХ  жүз жылдыктын ролу. Революция жана реформалар.  Улуттук жана улуттар аралык кагылышуулар. Кыргызстан 1-дүйнөлүк согуш учурунда. Улуттук-боштондук үчүн күрөш 1916-ж. Октябрь рефолюциясы 1917-ж. жарандык согуштун этаптары. 20-жылдардагы өлкөнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсү. Улуттук мамлекеттик курулуш программасы. НЭП. Жер-суу реформасы. Бир партиялык саясий режимин түзүү. СССР жана КССР түзүлүүсү. 30-жылдардагы социалдык-экономикалык кайра түзүлүү. Репрессия. Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согушта (1941-1945жж.). Фронтто жана тылда.  1945-1960-жж. Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү.  Кыргызстан 1960-1985-жж. коомдо жана экономикада кризистин курчалып өсүүсү. КССР СССРдин кайра курулуу жылдарында (1985-1991-жж.). СССРдин таркашы. Эгемендүү Кыргызстан. Кыргызстан социалдык-экономикалык реформалоо жолунда. Кыргыз Республикасынын маданияты. Жаңы геосаясий абалдагы тышкы саясий ишмердүүлүктөр.
  4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Ата мекен тарыхы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, СЛК-1, СЛК-3, КК-12.

 

 

Манастаануу

 

 

  1. Манас таануу предметин өздөштүрүүнүн максаты:  Манас эпосунун кыргыз элинин тарыхый, маданий, салттык маани-маңызын жана кыргыздардын дүйнө таанымын таанытуу.
  2. НББПдагы орду: ГСЕ циклындагы базалык бөлүккө кирет (Б1-1.5), 2 кредит – 60 саат.
  3. Кыскача мазмуну: “Манас” эпосунун келип чыгышы тууралуу: “элдик эпос” термининин аныктамасы. “Манас” эпосунун пайда болушу, “Манас” эпосу тарыхый летопистерде. Манас таануу – азыркы замандагы илим катары. Манас таануу Совет доорунда: “Манас” эпосунун варианттары: филологиялык жана тарыхый илимдерде “Манас” эпосунун текстологиялык изилдөөлөрү: “Манас” эпосунун текстинин басмадан чыгарылуусу: манас таанунун өнүгүүсүнө мамлекеттик идеологиянын таасири.  “Манас” эпосундагы салттык сюжеттер жөнүндө: “Манас” эпосунун салттык сюжети, “Манас” эпосунун салттык сюжетинин өзгөрүлүп жана бурмалануусунун себептери. Кыргыздардын дүйнө таанымы жана манас айтуу искусствосу, манасчы: кыргыздардын дүйнө таанымында; кыргыз рухунун түрлөрү, манасчылардын магиялык функциялары; манасчыладын түрлөрү; манасчылардын феноменалдуулугу; алардын кыргыздардын жашоосундагы орду жана ролу.
  1. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Манас таануу» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-2, ИК-1, СЛК-2

 

 

Математика жана информатика

 

 

  1. Математикажана информатика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердинегизги математикалык түшүнүктөр менен тааныштыруу, адистиги боюнча математикалык моделдер жана методдор колдонулган адабияттар менен иштөөдө сабаттуулугун калыптандыруу; информатиканын башка илимдер менен байланышы, компьютердик технологиялардын жана эсептөө техникалык каражаттарынын негизги түшүнүктөрүн калыптандыруу.
  2. НББПдагы орду: МЕН циклындагы базалык бөлүккө кирет (Б2-2.1), 4 кредит – 120 саат.
  3. Кыскача мазмуну: Евклиддин геометриясы - биринчи табият таануу илимдеринин теориясы катары; аксиоматикалык метод: азыркы математиканын негизги усулдарынын пайда болуусу; азыркы математиканын структурасы; математикалык ой жүгүртүүнүн негизги белгилери; математикалык далилдөөлөр; көптүктүн элементтери, катыштар, чагылуулар, сандар; комбинаториканын элементтери, чектүү жана чексиз көптүктөр; көптүктөгү негизги структуралар; математикалык анализдин негизги идеялары. Гуманитардык илимдердеги математиканын ролу. Маалымат түшүнүгү, информацияны жыйноо, берүү, кайра иштетүү жана топтоо процессинин жалпы мүнөздөмөсү. Информациялык процесстерди реализациялоонун техникалык жана программалык каражаттары. Функционалдык жана эсептөөчү маселелерди чечүүнүн моделдери. Алгоритмдөө жана программалоо. Жогорку деңгээлдеги программалоо тилдери, берилгендердин базасы, программалык камсыздоо жана программалоо технологиясы. Локалдык жана глобалдык түйүндөр. Маалыматтарды жана информацияларды коргоонун негиздери. Информацияны коргоонун методдору. Компьютердик практикум.
  4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Математика жана информатика» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-2, ЖМК-3, ЖМК-5, ИК-5, КК-4, КК-14.

 

 

Экология

  1. Дисциплинаны окуп-үйрөнүүнүн максаты, күтүлүүчү натыйжалар: Экология курсунун ммаксаты болуп студенттерди негизги экологиялык илимий теориялар жана түшүнүктөр, глобалдык жана регионалдык экологиялык проблемалар менен тааныштыруу аркылуу экологиялык билим берүүнүн зарылчылдыгын ачып көрсөтүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында гармониялуу, интелектуалдуу инсандын калыптануусуна өбөлгө жаратуу саналат.
  2. НББПдагы орду: МЕН циклындагы базалык бөлүккө кирет (Б2-2.2), 4 кредит – 120 саат.
  3. Кыскача мазмуну: 1-главада жеке организмдин (особдордун) орду, ага таасир этүүчү абиотикалык факторлор, аларга жараша организмдин ыңгайлануусу өтүлөт.2-главада популяция жөнүндө түшүнүк берилип, популяциянын түрлөрү, структуралары мисалдарды келтирүү менен түшүндүрүлөт. Популяцнын өзүнүн санын өзү башкарып туруусуна өзгөчө маани берилет.3-главада биоценоз, биотоп, биогеоценоз жана экосистема түшүнүктөрү каралат. Андан ары биогеоценоз менен экосистема түшүнүктөрүнүн окшоштуктары жана айырмачылыктары каралат. Бул главанын негизги бөлүгүн биоцеондун структуралары түзөт. Андыктан ага бөлүнгөн окуу жүктөмүнүн негизги бөлүгү жумшалат. Экосистема түшүнүгүн берүүдө Кыргызстандагы негизги экосистемалары мисалдар аркылуу берилет. Экосистема жөнүндө түшүнүк берилгенден кийин экосистемадагы заттардын айлануусу жана энергиянын багыты мисалдар менен бекемделет.4-главада Биосфера жана анын структуралар жөнүндө түшүнүк берилет. Андан соң биологиялык жана геологиялык заттардын айлануусу мисалдар менен түшүндүрүлөт. Адам жана коом түшүнүгү камтылат.5-главада социалдык экологияга киришүү сабагы өтүлөт. Мында экологиялык демография жана перспективалары, урбанизациялык процессти башкаруу ж.б. сыяктуу маселелер каралат.6-главада глобалдык, регионалдык жана локалдык-жергиликтүү экологиялык проблемалар каралат. Анын ичинде Кыргызстандагы болуп жаткан экологиялык проблемаларга өзгөчө басым жасалат. Ар бир студенттин өзүнүн жашаган аймагындагы жергиликтүү проблемаларга баяндама жасоосуна мүмкүнчүлүк берилет.7-главада экологиялык билим жана тарбия берүүнүн орчундуу маселелери каралат.Семинардык сабактардын тематикасы теориялык курска ылайык түзүлүп, студенттердин окуу жана электрондук адабияттарды пайдалануусу аркылуу уюштурулат.
  4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Экология» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, ЖМК-2, ЖМК-5, СЛК-4.

 

Ыйык китепти таануу

  1. Ыйык китепти окуп-үйрөнүү предметин өздөштүрүүнүн максаты: Куран китебин тажвид илимиинин негизинде туура, так окууну үйрөтүү.
  2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.2), 8 кредит – 240 саат.
  3. Кыскача мазмуну: Куранды окуп үйрөнүүдө тажвиддин илим катарында өнүгүүсү, курандын тарыхы, курандын башка китептерден өзгөчөлүгү, тажвид, Кыраат илими, Курандын 1-15-параларын жүзүнөн окуу. Ар бир тамганы тажвид эрежесине ылайык туура окуу.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Ыйык китепти таануу» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: КК-2, КК-7, КК-8, КК-14

 

Ислам акыйдасы

  1. Ислам акыйдасы предметин өздөштүрүүнүн максаты:Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, исламдын ишеним системасын, тагыраагы акыйдасын туура жана так үйрөнүп, сырттан келген туура эмес түшүнүктөрдүн кандайдыр бир максатты көздөгөндүгүн сезүү жана исламдын аруулукка үгүттөгөн насааттары коомду, тынчтыкка жана биримдикке ыктагандыгын билүү болуп эсептелет.
  2. НБППдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.3), 4 кредит – 120 саат.
  3. Кыскача мазмуну: Ислам акыйдасынын маани-маңызы, илим катары калыптанышы, генезиси, методологиясы. Аллага ыйман, тагдырга ыйман, каалоо жана инсандын каалоо эркиндиги, Жаратканга тобокел кылуу, хусн-кубх маселелери, пайгамбарларга ыйман, ыйык китептерге ыйман, периштелерге ыйман, мужизалар. Акыретке ыйман жөнүндө кеңири маалымат берилип, студенттердин туура акыл калчоолоруна шарттар түзүлөт.
  4. Күтүлүүчү натыйжалар: окуу процессинде «Ислам акыйдасы» предмети аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, КК-1, КК-12.

 

 

Диндер тарыхы

 

 

1. Диндер тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Диндер тарыхын туура жана так үйрөтүү болуп эсептелет. Анткени, диндерди туура таанып билүү үчүн, анын тарыхын туура үйрөнүү зарыл. Биринчиден хронологиялык негизде эң алгачкы ишенимдер, дүйнөлүк диндер, анын ичиндеги илахий диндер, улуттук диндердин тарыхын жана ишеним, ибадаттарын илимий негизде, объетивдүү түрдө студенттерге үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.6), 12 кредит – 360 саат.

3. Кыскача мазмуну: Диндердин башатына байланыштуу түрдүүчө көз-караштар. Коомдун өтмүшүндө дин; мифологиялык аң-сезимдер; алгачкы мүнөздөгү диний тажрыйбалар; кландык жана уруулук культтар; Эски доордо политеизм дини; Эски Египет жана Месопотамиянын ишеним жана культтары; антропоморфизмдин эволюциясы (Эски Греция); диндик айкалыш жана бутпарастыктын аягы (Эски Рим). Чыгыш диндери: Индия диндери (ведик культтары, брахманизм). Жайнизм, Индуизм, Буддизм, Зорастризм, Даосизм жана Конфуцинство. Синтоизм. Иудаизм: пайда болуусу, Иудаизм тарыхынын негизги этаптары; Иудаизмдин учурдагы агымдары. Ислам: пайда болуусу, Ислам тарыхынын негизги этаптары. Куран, рываят, ишеним негиздери, Калам; шиизим жана суннизм; мистика (суфизм); учурдагы агым жана секталар. Учурурдагы диндер; улантуучулук жана жаңылануучулук, фундаментализм жана модеринзм. Учурда дүйнөдөгү маданий мүнөздөгү конфессиялардын орду.     

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Диндер тарыхы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: КИК-1, КИК-3, КК-2, КК-7, КК-8, КК-10, КК-11 ИК-1.

Пайгамбардын өмүр баяны

  1. Пайгамбардын өмүр баяны тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Бул дисциплинанын максаты пайгамбардын өмүр баянын исламга чейинки мезгилден баштап, анын өлүмүнө чейинки мезгил аралыгындагы негизги окуяларга басым жасап жана негизги булактарга таянуу менен окутуу.
  2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.7). 3 кредит – 90 саат.
  3. Кыскача мазмуну: Мухаммед пайгамбар төрөлгөнгө чейин Арап жарым аралында, анын ичинде Мекке шаарында саясий, экномикалык жана социалдык түзүлүш жана өзгөчөлүктөр. Мухаммед пайгамбардын төрөлүшү, балалык чагы жана пайгамбардык жылдары. Адам катары, пайгамбар катары, мамлекет башкаруучу катары Мухаммед пайгамбардын коомдогу орду.
  4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «пайгамбардын өмүр баяны жана диндер тарыхы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК7, КК1, КК6.

Ислам этикасы

  1. Ислам этикасы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Жалпылап айтканда предметтин негизгин түзгөнахлак терминин изилдеп диний жана рационалдык негиздерин салыштыруу. Адеп ахлак жалпылай турган болсок, мүнөз, ички дүйнө, мамиле, көнүмүш адаттар, өз эрки менен жасалган нерселер. Убакыт коом жана культураларга иешелүү болгон түрдүүчө мамилелердин изилденилүүсү анализи, салыштырмалуу ахлактын негизги белгиси туура жана өзгөрбөстүк куралдар жыйындысы.нда адеп-ахлак туура жолду чечүү үчүн бизге жол көрсөтөт. Акыйкат дин болсо, ошол туура жолду бүткүл дүйнөбүз менен кабылдашыбызга жардамчы болот.
  2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.8), 2 кредит – 60 саат.
  3. Кыскача мазмуну:Коомдогу туура эмес мамилелер, жүрүм-турумдар, көнмүш адаттар, жөрөлгөлөр адеп –ахлак түшүнүктүн ар тараптуу кабылдоо, жоромолдоо, ой жүгүртүүнүн далилдери. Анда өзгөрбөгөн, ар тараптуулукка жол бербеген адеп-ахлактык норма барбы? Эгерде норма болсо, аны кайсыл жерден изилдөө керек? “Жакшылык” жана “жамандык” түшүнүктөрдүн негизги белгилери кантип белгиленет?
  4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Ислам этикасы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: КК-12, КК-13.

 

 

 

Ислам укугу

 

 

1. Ислам укугу предметинөздөштүрүүнүнмаксаты: Диний булактарда көрсөтүлгөн өкүмдөрдү, далилдердин баалуулуктарын жана предметтин методологиясын үйрөтүү; Фикхий мазхабдардын көз караш, пикирлерине жана методологиясын талдоо; Ханафий мазхабынын фикхий методикасын жана өкүмдөрүн үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.5), 7 кредит – 210 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам укугунун методикасы жана системасы. Ислам укугунун тарыхый өнүгүү процесси. Ислам укугунда ижтихад: китеп, сүннөт, ижма, кыяс. Ислам укугунда өкүмдөр; харам, адал, макрух, мубах, мандуп, мустахаб. Ислам укугунда үй-бүлө; нике жана шарттары, махир (аялга берилүүчү материалдык акы), адам укугу, аялдардын укугу, аял-эркектин теңдиги, ажырашуунун шарттары. Муамалат (инсандардын социалдык-экономикалык карым-катнаштары).

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Мусулман (ислам) укугу» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-5, ИК-1, КИК-4, КК-1, КК-2, КК-7, КК-13

 

 

Христиан теологиясы (библеистика)

 

 

1. Христиан теологиясы (библеистика)предметинөздөштүрүүнүнмаксаты: Христиан теологиясын библиянын негизинде объективдүү түрдө таанытуу, христиан теологиясынын пайда болушун, өзгөчөлүктөрүн, христиан чиркөөлөрү ортосундагы айрымачылыктарды жана христиан теологиясынын пайда болушунда консейлердин ордун таанып билүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК- 3.7), 8 кредит – 240 саат.

3. Кыскача мазмуну: Христиан теологиясы предмети: фундаменталдык же систематикалык христиан теологиясы, догмалык христиан теологиясы, апологетикалык (коргоочу) христиан теологиясы, салыштырмалуу христиан теологиясы, адеп-ахлактык христиан теологиясы, дин кызматкери туралуу христиан теологиясы, Библиялык христиан теологиясы, классикалык христиан теологиясы.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Христиан теологиясы (Библеистика)» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: КИК-1, КИК-3, КК-2, КК-7, КК-10, КК-11.

 

 

Араб тили

 

 

1. Араб тилипредметинөздөштүрүүнүнмаксаты: Араб тилинин грамматикасын үйрөтүү менен бирге, тафсир, хадис, фикх (мусулман укугу) сыяктуу предметтерди өздөштүрүүлөрү үчүн студенттерге практикалык негизде араб тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК- 3.1; ГК-3.9), 30 кредит – 900 саат.

3. Кыскача мазмуну: Араб тилинин грамматикасы, мааниси жагынан текст үстүндө иштөө жана ирабы (жөндөмөсү). Араб тилинде сүйлөө, сүйлөм түзүү, суроо түзүү, суроого жооп берүү, жазуу, сыпаттар, сандар, саноо, этиштер, бардык темаларга байланыштуу практикалык тексттер.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Араб тили» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-4, КИК-5, КК-2

 

         

 

5.2.ЖОЖ компоненттерине кирген дисциплиналардын программасына аннотация

Педагогика

  1. Педагогика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттердин тарыхый- педагогикалык билимин, билим маданиятына болгон көз карашын,  педагогикалык реалдуулукка карата илимий ой жүгүртүүсүн, обьективдүү түшүнүгүн, педагогикалык кесиптин баалуулуктарынын негизин, кесиптик компетенцияларынын жана жалпы маданий өнүгүүнүн негиздерин маалыматтык функцияда жайылтуусун калыптандыруу.
  2. НББПдагы орду: ГСЭ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет ГСЭ-1.7), 3 кредит – 90 саат.
  3. Кыскача мазмуну: Педагогика адам жөнүндөгү илимдер системасында тарбиянын маңыз-мазмуну, тарбия методдорунун системасы, инсандын базалык маданиятын калыптандыруу, коллективде тарбиялоо, окутуу процесси, окутуунун методдору, окутуунун усулдары, окутуунун формалары, окутуудагы диагностикалоо жана баалоо.

Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «педагогика» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, КИК-2, КИК-5, КК-6.

Мистиканын тарыхы

 

1. Мистиканын тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Мистиканын тарыхын туура жана так үйрөтүү болуп эсептелет. Ислам суфисттеринин жана тасаввуфтун качан, кайда пайда болгондугун, мусулман мистисизм мектептеринин өзгөчөлүктөрүн ачып берүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-3.17), 3 кредит – 90 саат.

3. Кыскача мазмуну: Мистиканын тарыхында суфизмдин баштапкы доорлорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки абалы; пайда болуусу, себептери, максаттары, өнүгүүсү, суфизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү, мектептери, суфизмдик окууларды, ордендердин (тарыйкаттардын) пайда болуусу, өнүгүүсү, жайылуусу, азыркы күндөгү абалы, элдик маданиятка тийгизген таасирлери. Мындан сырткары мусулман дүйнөсүндө алгач ирет түзүлгөн суфизмдик окуулардын, мектептердин ролу, айырмачылыктары. Мистисизмдеги негизги терминдер алардын чечмелениши, жалпы түрк элдеринин исламды кабылдоолорунда мусулман мистикалык ордендеринин (тарыйкаттарынын) ролу, анын ичинде кыргыздардын ислам динин кабыл алууларында мусулман мистиктеринин жана тарыйкаттарынын: Кадырийлик, Ясавилик, Ишкилик, Накшибандилик  жана алардын аткарган иштери, кыргыздарга таасири.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Мистиканын тарыхы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, КК-1, КК-16

 

Ислам агымдары тарыхы 

 

1. Ислам агымдар тарыхы предметин өздөштүрүүнүн максаты:Алгачкы доордогу жана азыркы күндөгү диний-саясий мазхаптардын качан, ким тарабынан, кайда пайда болгондугу, кайсы аймактарда жайылгандыгы жана пайда болуу себептерин илимий жана методикалык негизде үйрөтүү. Мындан сырткары түрдүү мазхаптарга бирдей мамиле кылуу жана түрдүү мазхап өкүлдөрү менен биргеликте жашоо маданиятын чыңдоо.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-3.16), 6 кредит – 180 саат.

3. Кыскача мазмуну: Ислам агымдары тарыхынын темасы, максаты, методу, негизги терминдери жана булактары. Ислам мазхабдарынын пайда болуу себептери, алгачкы саясий жана итикадий айрымачылыктар, пикир келишпестиктер. Алгачкы ислам мазхабтары: Харижи, Муржия, Мутазыла, Шиа, Зайдия, Исмаилия, Имамия, Хадис тарапкерлери, Ашарилик жана Матуридилик. Ислам агымдарынын жайылган аймактары, таасирлери, Ислам динине кошкон салымдары.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Ислам агымдары тарыхы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт:

Дисциплинаны өздөштүрүү боюнча жыйынтыктын талаптары.

А. Окуу процессинде дисциплина төмөндөгү компетенцияларды ишке ашырууну максат кылат: КК-2, КК-7, КК-8, КК-9

Б. Дисциплинаны өздөшүрүүдө студент

Билет: - Ислам агымдарынын качан, кайда, ким тарабынан жана кайсы аймактарда жайылгандыгын;

- Ислам агымдарынын итикадий жана саясий көз караштарын;

- Кыргызстанда активдүү иш аракеттерди жүргүзүп жаткан жана жаңыдан активдеше баштаган  ар кандай багыттагы агымдарды;

Жасай алат: - Ислам агымдарынын качан, кайсы аймактарда, ким тарабынан жана эмне себептерден пайда болгондугун туура анализдөөнү;

- Ар кандай максатта активдүү иш аракеттерди жүргүзүп жаткан ислам агымдарынын көз караштарын эксперттик-анализ жүргүзүүнү;

Калыптандырат: - Алгачкы доордогу мазхаптарды өздөрүнүн булактарынан изилдөөнү;

-Инсандар тарабынан жаратылган мазхаптарды обьективдүү жана илимий негизде изилдеп тыянак чыгарууну;

-Түрдүү мазхап өкүлдөрү менен биргеликте жашоо маданиятын чыңдоону;

 

       

Дин педагогикасы жана дин таануу предметтерин окутуунун усулу

  1. Дин педагогикасы жана дин таануу предметтерин окутуунун усулу предметин өздөштүрүүнүн максаты:Дисциплинанын бирден бир эң негизги максаты, дин педагогикасы илиминин маанисин, калыптануу жараянын, дин педагогикасына байланыштуу сабактарды окутуунун негиздерин, окутуу моделдерин, дин таануу предметтерин окутуунун усулдарын, өзгөчөлүктөрүн, айырмачылыктарын окутуу болуп эсептелет.
  2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-3.16), 4 кредит – 120 саат.
  3. Кыскача мазмуну:Дин педагогикасы жана дин таануу предметтерин окутунуунун усулу маселеге байланыштуу ар бир сөз жана сөз айкашына токтолот. Дин педагогикасы илиминин калыптануу жараяны жана кеч калуусунун себептери талкууланат. Дин педагогика илиминин башка илимдердин арасындагы орду жөнүндө көз караштар айтылып, студенттин өз алдынча эркин түшүнүккө ээ болуусу үчүн бул жаатта керектүү мисалдар берилет. Дин педагогикасы илиминин объектиси, максат жана милдеттери каралат. Дин педагогикасын (дин таануу предметтерин) берүүнүн негиздери жөнүндө кеңири талкуу болот. Программа иштеп чыгуу жараянында керектүү максаттардын белгиленишинде таасир берген факторлор баяндалат. Дин таануу предметтерин окутуунун программалары Кыргызстандын шарттары эске алынып берилет.

Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Дин педагогикасы жана дин таануу предметтерин окутуунун усулу» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-4, ИК-1, КИК-2, КК-1.

Теология (богословие-калам)

 

Теология (богословие-калам) предметин өздөштүрүүнүн максаты: Ислам дининин ишеним системасын туура жана так үйрөтүү, сырттан келген туура эмес түшүнүктөрдүн кандайдыр бир максатты көздөгөндүгүн сезүү жана исламдын аруулукка үгүттөгөн насааттары коомду, тынчтыкка жана биримдикке ыктагандыгын билүү болуп эсептелет. Айрыкча, бул биригүүнүн, жалгыз бир динге баш ийген түрдүү улуттагыларды эле эмес, диндер аралык мамилелерди бир нукка коюуну камсыз кылаарын да баса белгилеп өтүү зарыл.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-3.15), 8 кредит – 240 саат.

3. Кыскача мазмуну: Теологиянын маани-маңызы. Теологиянын илим катары калыптанышы. Исламга чейинки ишенимдерде теологиялык проблемалар. Ислам теологиясы жана анын пайда болушун шарттаган негизги факторлор. Исламды түшүнүүнүн натыйжасында пайда болгон теологиялык агымдар, көз караштары жана алардын исламды түшүнүү методдору. Аллах-аалам-адам байланышы. Жаратуучунун өзгөчөлүктөрү. Пайгамбарлардын негизги милдеттери, касиеттери. Адам баласынын жашоодогу орду, милдети, жоопкерчилиги жана тагдыр маселеси. Жараткандын бар экендиги жөнүндөгү онтологиялык, космологиялык жана телеологиялык далилдер. Аалам жана метафизика; Метафизикалык заттар (периштелер, жиндер). Өлүмдөн кийин кайра жаралуу маселеси. Акыреттин бар экендиги жөнүндө Курандагы аналогиялык далилдер. Теология илимине байланыштуу адабияттар.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Теология (богословие-келам)» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, КК-1, КК2, КК-7, КК-12.

 

Дин педагогикасы

1. Дин педагогикасы предметин өздөштүрүүнүн максаты дин педагогикасы илиминин маанисни, калыптануу жараянын (генезисин), дин педагогикасына байланыштуу сабактарды окутуунун негиздерин, окутуу моделдерин, усулдарын, үй-бүлөдө берилген диний таалим-тарбиянын өзгөчөлүгүн жана жетилген курактагыларга берилген диний пдеагогиканын маанисин түшүндүрүү. Расмий жана жалпыга ачык билим берүү жөнүндө түшүнүккө ээ болуусу менен үйрөнүүнүн бул тармакатарында дин педагогикасынын методдорун колдонуу жолдорун үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК- 3.14), 6 кредит – 180 саат.

3. Кыскача мазмуну: Теологиялык адистикте окуган студенттер үчүн түзүлгөн бул программада дин педагогикасынын теориялык курсунун түйүндүк суроолору каралып, курсту аяктоо менен студент ээ боло турган билимдер, көндүм, билгичтик жана ыктар келтирилген. Студенттерге дин педагогикасынын негизги маани-мазмуну түшүндүрүлүп, ар бир түшүнүккө студенттин өзүнүн эреже чыгаруусуна жана мисалдарды келтирүүсүнө басым жасалат.

Курстун негизги мазмуну динге берилген аныктамалар менен башталып, илим катары калыптанып жаткан дин педагогикасынын туруктуу жана бириктирүүчү аныктамага муктаж экендигин белгиленет. Андан ары дин сабагын берүүнүн негиздерди жөнүндө сөз козголуп, динди берүүнүн керектүү программалары өтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөдө берилүүчү диний таалим-тарбия менен жетилген курактагы дин педагогикасынын маани-маңызы жөнүндө маалыматтар берилет.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Дин педагогикасы» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, КК-1, КК-7, КК-14.

Куран

 

1. Куран предметинөздөштүрүүнүнмаксаты: Кураны карим аяттарын тажвид эрежелерине ылайык туура жана так окуу. Куранды жүзүнөн туура окуу жана белгилүү сүрөлөрдү жаттатуу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-3.9 жана 3.13), 14 кредит – 420 саат.

3. Кыскачамазмуну: Тажвид илими жана генезиси. Куранды жүзүнөн туура жана так окуу, белгиленген сүрөлөрдү жаттоо жана маанилерин түшүндүрүүнү камсыз кылуу.  Намаз сүрөлөрүнүн кайталанышы, 78-Небе, 67-мүлк, 36-ясин сүрөлөрүнүн жана курандын башка 3 сүрөсүн жаттоо жана маанилерин үйрөнүү, Курандын 100-200-беттеринин жүзүнөн окулушу. Кыраат илими. Кыраат илиминин генезиси, өзгөчөлүктөрү, түрлөрү.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Куран» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ИК-5, КК-6, КК-11

 

 

Ишеним эркиндиги жана дин-мамлекет мамилеси

 

1. Ишеним эркиндиги жана дин-мамлекет мамилеси предметин өздөштүрүүнүн максаты: КРнын баш мыйзамына ылайык дин-мамлекет ортосундагы байланышты, КРнын дин боюнча мыйзам-жоболорун жана КРнын 2014-2019-жылдар аралыгында жүргүзө турган дин боюнча саясатынын концепциясын таанытуу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК- 3.10), 5 кредит – 150 саат.

3. Кыскача мазмуну: Дин жана адам укугу: ишеним жана дин тутуу эркиндиги. Ишеним эркиндигинин конституциялык-укуктук негиздери, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын ишмердүүлүгү. Ишеним эркиндигинин конституциялык гарантиясы. Мамлекет жана диний уюмдар. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө дин жана мамлекет байланыштары: өтмүш жана учур. Чет өлкөлөрдүн дин жөнүндө мыйзамдары. Кыргызстанда диний бирикмелер:  диний бирикмелер жөнүндө түшүнүк, диний бирикмелердин формалары (диний группа жана диний уюм). Диний уюмду түзүү жана аны мамлекеттик каттодон өткөрүү. Диний уюмдардын укуктары жана шарттары.  Диний билим берүү. 

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Ишеним эркиндиги жана дин-мамлекет мамилеси» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, КИК-1, КК-1, КК-4, КК-10

 

Дин антропологиясы

 

1. Диний антропологияпредметинөздөштүрүүнүнмаксаты: Диндин пайда болуу этаптарын жана таянган нерсесин, дин кандай тарыхый этаптар аркылуу калыптангандыгын, дин –маданият ортосунда байланыш, диндин универсалдуу өзгөчөлүккө ээ болуп болбогондугун аныктоо менен бирге диндин экономикада, укукта, социалдык карым-катнаштардагы факторун аныктоо, түрдүү маданияттардагы диндер менен салыштыруу.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК- 3.12), 3 кредит – 90 саат.

3. Кыскача мазмуну: Диний аң-сезимдин жазуу маданиятына ээ болгон жана болбогон коомдор менен байланышы жөнүндө түшүнүк. Ж. Фрезер, Э. Тайлор, Э. Ленг, Р. Маретт, Э. Дюркгейм, Б. Малиновский, Э. Эванс-Причард, М. Спиро, М. Элиаде, В. Тернер, К. Гирц, К. Леви-Стросс, М. Дуглас сыяктуу дин тарыхчылары, антропологдор жана социологдордун көз караштарында антропологиялык анализ.

Диний түшүнүктүн негизги баскычындагы анализ жана түшүнүктөр: традициялык маданиятта ыйык жана ыйык эместин өз ара байланышы; диний дүйнө таанымдын психотехникалык багыты; миф жана ритуалдын өз ара байланышы. Дин антропологиясынын негизги түшүнүгүн изилдөө, традициялык коомдордогу сыйкырдык-диндик изилдөөлөргө методикалык баа берүү. Дүйнөлүк диндер системасынын антропологиялык өзгөчөлүгү - Буддизм, ислам жана христианчылык.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Диний антропология» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-1, КК-1, КК-16

 

 

       

5.3.Жумушчу окуу пландагы элективдүү курстардын программасына аннотация

Мусулман теологиясы

1. Мусулман теологиясы предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттерге Куран тарыхын, Курандын чечмеленүүсүнө байланыштуу илимдерди, Тафсир тарыхын, генезисин, Тафсири усулун, өзгөчөлүктөрүн, түрлөрүн, классикалык тафсир жана Куран тексттерин окуп чечмелөөнү туура жана так үйрөтүү.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.3), 14 кредит – 420 саат.

3. Кыскача мазмуну: Куран тафсири илиминин максаты, актуалдуулугу, тарыхы, булактары жана  методикасы.  Куран тафсиринин Ислам дисциплиналарындагы орду жана тематикасы: Куран тафсиринин усулу, асбаабу нүзүл, маккий-маданий аяттар, наасих-мансуух, тафсир-таъвил, мухкам-муташабих, мужмал-мубаййан, гариибул Куран, ижаазул Куран, танаасуб жана инсижам, Куран таануу багытындагы окумуштуулар тарабынан даярдалган тафсир тексттери жана айырмалары, алардын Куранды таанып билүүгө кошкон салымдары.

  1. . Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Мусулман теологиясы (Куран таануу)» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-4,  ИК-1, КИК-1, КК-1, КК-2, КК-5, КК-6

Хадис таануу

 

1. Хадис таануу предметинөздөштүрүүнүнмаксаты: Ислам дининде Курандан кийинки булак катары эсептелген Мухаммед пайгамбардын хадистерин туура жана так үйрөтүү болуп эсептелет. Бул дисциплина аркылуу хадистердин маани-маңызы, иснады (Риваят кылган инсандар) жана белгилүү хадис аалымдардын хадис жыйнактары жана усулдары окутулат.

2. НББПдагы орду: ПЦ циклындагы базалык бөлүккө кирет (ГК-3.4), 7 кредит – 210 саат.

3. Кыскача мазмуну: Хадис илиминин пайда болушу, өнүгүшү. Хадис илиминин методикасы; мутеватир, сахих, хасан, зайыф, мавзуъ. Хадис илиминде санад, рави, риваят түшүнүктөрү. Хадис илиминин башка Ислам дисциплиналар менен байланышы; Куран, келам, фикх, тасаввуф. Алгачкы хадис аалымдары жана эмгектери; Имам Бухари жамиус-сахих, Имам Муслим жамиус-сахих, Имам Тирмизий сунан, Ахмад бин Ханбал аль-муснад, Имам малим аль-муватта. Тандалган хадис жыйнактары; кырк хадис, жүз хадис.

4. Күтүлүүчү натыйжалар: Окуу процессинде «Хадис таануу» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖМК-6, КИК-5, КК-2, КК-3, КК-8

Риторика

1. Риторика предметин өздөштүрүүнүн максаты: Студенттерге сүйлөө маданияты, сөз чеберчилиги тууралуу маалымат берип, аларды эл алдында сүйлөөгө шыктандыруу.

2. НКББПдагы орду:ПЦ циклындагы вариативдик бөлүккө кирет (ВК-3.2.2). 5 кредит, 150 саат.

3. Кыскача мазмуну:Риториканын тарыхы. Риториканын түрлөрү. Риториканын көрүнүктүү өкүлдөрү. Диний риторика. Жума кутпасы. Диний баян. Нике кыюу. Диний даталарда өткөрүлүүчү иш-чаралар.

4. Күтүлүүчү натыйжалар:Окуу процессинде «Риторика» дисциплинасы аркылуу төмөндөгү компетенциялар өздөштүрүлөт: ЖК5; КК6; КК-9.

 

5.4.Практикалардын программасына аннотация

Окуу-үйрөнчүк, профилдик-базалык, кесиптик-профилдик жана квалификация алдындагы практикалардын программасына аннотация

Практиканын максаты

Практиканын бардык түрлөрүндө кесиптик компетенциянын калыптануусу максатында алган теориялык билимдерин колдоонуу аркылуу тажрыйба алуу менен алган билимин бекемдөө

Практиканын милдеттери

- билимберүүсистемасынынжанабилимберүүмекемелерининокуу- тарбияпроцессименентааныштыруу;

- мектептенжанакласстантышкаркытарбиялыкиштердинуюштурулушуменентааныштыруу;

- окуу-тарбия иштерин бийик деңгээлде өткөрүү үчүн керек болгон кесиптик ык, машыгууларды калыптандыруу максатында студенттерди мектептеги түрдүү тарбиялык жана практикалык иш-аракеттерге катыштыруу;

- мектепадминстрациясынын, класс жетекчилердинфункционалдыкмилдеттерименентаанышуу;

- өзүнүн тандап алган адистиги боюнча мектептерде өтүлүүчү предметтердин мазмуну, милдеттери, окутуу өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү;

- класс жетекчилердин тарбиялык иштеринин системасын окуп үйрөнүү жана тарбиялык сааттарды дублер катары өтүү;

- класс коллективин, андагы окуучулардын бири-бирине болгон мамилелерин, жекелик өзгөчөлүктөрүн, сабакка кызыгуусун, мугалимдерге болгон мамилелерин окуп үйрөнүү жана анализ берүү;

- ата-энелер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү;

- окуучулардын күндөлүктөрүн жана дептерлерин текшерүүгө катышуу;

- алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар менен таанышуу;

- мамлекеттик коопсуздук мекемелеринде экстремисттик секталардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу боюнча аналитикалык иштерди алып барууну үйрөнүү;

- коомдук уюмдарда жана массалык-маалымат каражаттарында динге байланышкан маселелерде эксперттик баа жана консультация берүүнү үйрөнүү;

- дингебайланыштуумамлекеттикжанакоомдукструктуралардын (дин комиссиясы, муфтият, казыятж.б.) алыпбаргаништери, структурасыменентаанышуу;

- магистратура жанадокторантурадабилимдеринөркүндөтүүгө, диссертация жактоого карата ык, машыгууларгаээболуу.

Практиканын мөөнөтү

- 1-курс, 2-семестр: 2 жума

- 2-курс, 4-семестр: 2 жума

- 3-курс, 6-семестр: 4 жума

Практиканы жыйынтыктоо

- Отчеттуулуктунформасы: Экзамен

- Отчеттуулуктундокументи: Практиканын күндөлүгү

Практика мезгилинде ала турган билим, билгичтик, ык-машыгуулар

- Профессионалдык жана атайын дисциплинар боюнча алган теориялык жана методологиялык билимдерин бышыктоо.

- Мектепте окуучулар менен иштөөнү үйрөнүү.

- Практиканын жыйынтыгын жана анализин жазууну үйрөнүү.

Практиканын мазмуну

Мектеп менен таанышуу. Класс жөнүндө жана класстык журнал, ошондой эле тиешелүү документтер менен таанышып чыгуу. Мектепте өтүлүп жаткан Адеп сабагы предметинин мазмуну жана программасы менен, ошондой эле диндер тарыхы, дин маданиятынын тарыхы, дин таануу жана диний философия предметтерин практикалык жактан үйрөнүү.

Практика мезгилинде калыптана турган компетенциялар

ИК-2, ИК-6, КИК –1, КИК-4, КК-5, КК-6, КК-7, КК-10, КК-12, КК-13, КК-15, КК-16.

6.НББПнын ИШКЕ АШЫРУУНУ ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ЖАНА МААЛЫМАТТЫК КАМСЫЗДОО

ЖМКББ НББП бул бөлүгүндө төмөндөгү документтердин жана материалдардын жыйындысы берилген:

  • ЖМКББ НББП боюнча билим берүү процессинин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздалышы;
  • ЖМКББ НББП окуу планына кирген бардык окуу курстары, дисциплиналары, практикалары, илимий-изилдөө иштери боюнча студенттердин ишмердиги үчүн негизги окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор, маалымат ресурстары;
  • билим берүү процессин уюштуруу боюнча жана профессордук-окутуучулук курамдын ишмердиги үчүн комплекстүү методикалык сунуштар жана маалымат ресурстары;
  • окутуучуларды жана студенттерди библиотекалык-маалыматтык тейлөөнүн шартына мүнөздөмө.

6.1. НББПны ишке ашыруунун кадрдык камсыздалышы

531600 Теология багыты боюнча адистерди даярдоону жогорку квалификацияга ээ профессордук-окутуучулук курамы ишке ашырат, алардын арасынан: 2 профессор, 3 доцент, 14 окутуучу.

Аты-жөнү

Кызматы

Илимий даражасы

1.

Акматова А.А.

профессор

п.и.к.

2.

Иманкулова Э.Т.

профессор

п.и.к.

3.

Жоробеков Т.А.

доцент

п.и.к.

4.

Базаркулов С.О.

доцент

теол.и.д. (PhD)

5.

Эрматов А.Т.

доцент

 

6.

Жусупов М.Г.

окутуучу

теол.и.д. (PhD)

7.

Себетов Ж.Б.

окутуучу

теол.и.д. (PhD)

8.

Четин О.

окутуучу

фил.и.к.

9.

Тагаев М.К.

окутуучу

теол.и.д. (PhD)

10.

Козуев С.А.

окутуучу

теол.и.д. (PhD)

11.

Галмаматов А.А.

окутуучу

теол.и.д. (PhD)

12.

Айдарбеков К.Т.

окутуучу

 

13.

Шахин А.

окутуучу

 

14.

Сарбагышов Б.Р.

окутуучу

теол.и.д. (PhD)

15.

Жакыпова З.

окутуучу

 

16.

Омуралиева Г.

окутуучу

 

17.

Исакунова Н.

окутуучу

 

18.

Алмасбек кызы Б.

окутуучу

 

19

Ал-Касаби А.Ф.

окутуучу

 

6.2.Окуу процессинин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздалышы

Окуу процессинин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздалышы үчүн факультетте 30 орундуу окуу залы жана абоненттик бөлүмү бар китепкана иш алып барат. Факультеттин китепканасынын фонду – 11300 даананы түзөт. Китеп менен камсыздоо коэфиценти орточо эсеп менен 1,08 түзөт. Бул көрсөткүч нормадан жогору болуп эсептелет (норма боюнча – 0,5).

6.3.Окуу-процессинин материалдык-техникалык камсыздалышы

НББП ишке ашырууда окуу процессинин бардык формаларын уюштуруу үчүн материалдык-техникалык базага ээ, ошондой эле санитардык жана өрт коопсуздугун эске алган шарттары бар. Бакалавр программасын ишке ашырууда минималдуу зарыл болгон  материалдык-техникалык базага төмөнкүлөр кирет:

  • окуу корпусу Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын Садатбек уулу Сатыбек көчөсү, №36да жайгашкан 3 кабаттуу имарат (жалпы аянты – 2562,07 кв.м. ар бир студентке 7,3 м.кв. туура келет)
  • 8 аудитория, 2 окуу залы, китепкана
  • интернет тармагына туташтырылган заманбап компьютерлер менен жабдылган 2 кабинет
  • 1 чоң актылык зал
  • 2даана  видеопроектор
  • 3 даана ксерокөчүрмө-сканер-принтер аппараттары
  • 10 даана принтер
  • компьютерлер(деканат жана кафедраларда 10 даана, компьютердик класста 24 даана).

Студенттер Интернет тармагына кенен туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана өз алдынча иштерди аткарууда, сабактарга даярданууда пайдаланышат.

7.НББПны ӨЗДӨШТҮРҮҮ САПАТЫН БААЛОО СИСТЕМАСЫНЫН НОРМАТИВДИК-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

            ЖМКББ мамлекеттик стандартына жана жогорку окуу жайы жөнүндөгү жобого ылайык билимди өздөштүрүүнү текшерүү учурдагы, аралык жана жыйынтык мамлекеттик аттестациялоону өз ичине камтыйт. ЖМКББ НББП боюнча билим алып жаткандарды  учурдагы, аралык текшерүүнүн аттестациялоонун нормативдик-методикалык камсыздалышыЖОЖ жөнүндөгү Типтүү жобого ылайык жүргүзүлөт.

7.1.Жетишүүнүн учурдагы текшерүү жана аралык аттестация

ЖМКББ МББСнын талабына ылайык НББП этап-этабы менен өздөштүрүүсүн аттестациялоо үчүн жогорку окуу жайы баалоо каражаттарынын фондун түзөт.  Алар билимди өздөштүрүүнү учурдагы текшерүү жана аралык аттестациялоо болуп саналат. Баалоо каражаттарынын фонду өз ичине буларды камтыйт: практикалык сабактарда, зачет, экзамендерде билимди текшерүүнүн контролдук суроолору, типтүү тапшырмалар,  бланкалык тесттер жана компьютердеги тестирлөө программалары, курстук иштердин тематикалары (долбоор, реферат, доклад, илимий макала ж.б.).

7.2.НББПын бакалавр баскычында бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын тандалган максаты болуп бүтүрүүчүнүн ЖМКББнын НББПын ийгиликтүү өздөштүрүүсүн аныктоо болуп саналат.Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга академиялык карызы жок жана ЖМКББнын НББПнын окуу планын толук өздөштүргөн  бүтүрүүчүлөр киргизилет.

ЖМКББнын НББПнын мамлекеттик аттестациялык сыноолоруна төмөнкүлөр кирет:

  • квалификациялык ишин коргоо.
  • мамлекеттик экзамен;

Жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамен боюнча НББПдагы жоболор

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бакалаврдын бүтүрүүчү квалификациялык ишин жана адистик боюнча мамлекеттик сынакты камтыйт.

Жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолор мамлекеттик билим берүү стандартында көрсөтүлгөн профессионалдык багыттагы милдеттерди аткарууга бакалаврдын практикалык жана теориялык жактан даярдыгын жана магистратурада билимин улантуусун аныктоого багытталган.

Бүтүрүүчүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына кирген аттестациялык сыноолор ал окуп өздөштүргөн жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасына толугу менен дал келүүсү керек.

Бакалаврдын бүтүрүүчү квалификациялык ишине талаптар

Бүтүрүү квалификациялык иш дин таануунун тигил же бул проблемасы боюнча адабияттарды баалоо, жалпылоо, анализдөө, талдоодон  турган өз алдынча изилдөө болуп эсептелет.

Бүтүрүү квалификациялоо иши дүйнөлүк жана ата мекендик булактарды терең үйрөнүүгө, коюлган проблемага заманбап көз карашка негизделген жана 531600 Теология багыты боюнча кесиптик дисциплиналардын базасында аткарылган болушу керек.

Бүтүрүү ишинин мазмунуна, көлөмүнө жана структурасына болгон талаптар ББж-аИ министрлиги тарабынан бекитилген «Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү жобонун» негизинде, 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын жана Теология багыты боюнча ОУБ(УМО)нин методикалык сунуштарынын негизинде аныкталат.

Бүтүрүү квалификациялык иштеринин темасын тандоо, бекитүү, аткаруу, даярдоо, жасалгалоо жана коргоону уюштуруу ОшМУнун 2007-жылдагы №2-бюллетенинде берилген сунуштамалардын негизинде жүргүзүлөт.

Бүтүрүү квалификациялык ишин коргоо мамлекеттик аттестациялык комиссиянын ачык жыйынында анын курамынын жок дегенде үчтөн экисинин катышуусу менен өткөрүлөт. Мамлекеттик сынактарды кабыл алуу жол-жобосу жогорку окуу жайы тарабынан аныкталат. Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынынын узактыгы күнүнө 6 сааттан ашпоого тийиш.

Бүтүрүү квалификациялык ишти коргоого багыттын (адистиктин) жогорку кесиптик билим боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык ОшМУда иштелип чыккан негизги билим берүү программаларын өздөштүрүүнү толук көлөмдө ийгиликтүү аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордун башка түрлөрүнөн ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөр киргизилет.

Адистик боюнча мамлекеттик сынакка талаптар

531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик сынактын программасы жана өтүү тартиби Ош  мамлекеттик  университетинде мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө жобонун (№25-бюллетень), Теология багыты боюнча ОУБ тарабынанан иштелип чыккан методикалык сунуштардын жана тийиштүү болжолдуу программалардын, ББж-аИ министрлиги тарабынан бекитилген Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндөгү жобонун, 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ЖОЖ тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Ош  мамлекеттик  университетинде мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө Жобонун негизинде факультеттин деканы тарабынан иштелип чыгып, ректор (проректор) тарабынан бекитилет жана билим берүүнүн бардык студенттерге жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталардан жарым жыл мурда маалымдалат. Студенттер мамлекеттик сынактардын программалары менен камсыз болушат, алар үчүн даярданууга зарыл болгон шарттар түзүлүп, консультациялар өткөрүлөт. 

Адистик боюнча мамлекеттик сынак студент тарабынан алынган билимдерди мамлекеттик аттестациялык комиссиянын Кеңешмесинде оозеки экзамен тапшыруу түрүндө ишке ашат. Мамлекеттик сынактын баалоочу каражаттарынын фонду 531600 Теология багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартындагы кесиптик багыттагы дисциплиналардын суроолорунан турат.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизилген аттестациялык сыноолордун бардык түрлөрүнүн жыйынтыгы “эң жакшы”, “жакшы”,  “канааттандырарлык”, “канааттандырарлык эмес” деген баалар менен аныкталат да, ошол эле күнү комиссиянын жыйынынын протоколдору тиешелүү тартипте толтурулуп, студенттердин алган баалары аттестациялык ведомостко коюлган соң жарыя кылынат.

8. НББПны иштеп чыккандар, эксперттер

 

Аты-жөнү

Кызмат орду

Колу

1.

Себетов Жаркынбай Базарбаевич

Окуу иштери боюнча декандын орун басары

 

2.

Тагаев Майрамбек Кудайбердиевич

Дин таануужана жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы

 

3.

Галмаматов Атабек Акпаралиевич

Дин таануужана жалпы билим берүү кафедрасынынокутуучусу

 

 

Эксперт:Шерматов Шукур Жаңыбаевич – КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы.