• Кыргызстан, Чүй облусу, Арашан ай., Чыңгыш Баатыр к., 36
  • (+996) 705 55 05 01 (+996) 779 55 05 01 (+996) 312 42 00 64
  • arashan.edu.kg@gmail.com
  • Соц тармактардан табыңыз:

Факультеттин кыскача тарыхы

Кыргызстандын эң ири университеттеринин бири болгон Ош мамлекеттик университетине караштуу Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультети 2000-2001-окуу жылынан бери студенттерге теологиялык  багытта билим берип келе жатат. 2017-2018-окуу жылында дин таануу факультетинин алдында теологиялык кесиптик орто билим берүү колледжи ачылган. Факультетте жана теологиялык колледжде окутуу КРнын Билим Берүү жана Илим министрлиги тарабынан бекитилген лицензиясы жана окуу планынын негизинде кыргыз-түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Факультетте (бакалавр) окуу мөөнөтү төрт жыл. Ал эми колледжде окуу мөөнөтү 9-класстын базасы менен кабыл алынгандар үчүн 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасы менен кабыл алынгандар үчүн 1 жыл 10 ай.

Жалпысынан алганда 200 студентке ылайыкташтырылган окуу жайга жыл сайын 60 абитуриент кабыл алынат. Студенттер ЖОЖдор аралык уюштурулган олимпидаларга, кароо-сынактарга, илимий-практикалык конференцияларга жана спорттук мелдештерге катышышат. Ошондой эле күн сайын республикалык жана дүйнөлүк жаңылыктар менен кабардар болуп турушат.

Төрт жыл толук билим алган соң, мамлекеттик үлгүдөгү жогорку билими тууралуу диплом алып, «Дин таануучу» квалификациясына ээ болот.

Окуу процесси, материалдык-техникалык база, библиотекалык фонду жөнүндө

Факультетте жана колледжде окуу процесси ОшМУда окуу процессин уюштуруу боюнча жобонун негизинде иштелип чыккан «Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде окуу процессинин уюштурулушу жана жүргүзүлүшү жөнүндөгү жобонун» негизинде жүргүзүлүүдө. Бул жободо окуу процессин уюштурууда окутуунун чет өлкөлүк моделдерине таянган бир топ өзгөчөлүктөр киргизилген. Бул өзгөчөлүктөр студенттердин үзгүлтүксүз билим алышына шарт түзүп, сынак учурунда студенттин билимин обьективдүү баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Факультетте аудиториялар, лекциялык залдар, китепкана, окуу залы жана окутуучулардын атайын кабинеттери учурдун талабына жооп берүүчү эмеректер менен эки компьютердик лаборатория заманбап техникалар менен жабдылган.

Ошондой эле факультетте 50 орундуу окуу залы бар китепкана жайгашкан. Китепкана фондун 10000 миңден  ашык социалдык-гуманитардык, диний, тил багытындагы, ошондой эле башка адистикке тиешелүү предметтер боюнча окуу китептери, көркөм жана башка адабияттар түзөт. Факультеттин студенттери билимин тереңдетүү максатында илимий жана өз алдынча иштерин жүргүзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Профессордук-окутуучулук курамы, илимий изилдөө иштери

Факультеттин профессордук-окутуучулар курамын Түркиянын жогорку окуу жайларынан кызматташтык келишимдин негизинде келген жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын тажрыйбалуу окумуштуу-адистери түзөт. Окуу жайда 1 профессор, 2 доцент, 6 илимдин доктору (PhD), 2 улук окутуучу, 6 окутуучу кызмат кылат. Факультетте дин таануу жана жалпы билим берүүчү предметтер (ДТжанаЖББП) кафедрасы жана теологиялык орто кесиптик билим берүү колледжи иш алып барат.

Арашан гуманитардык институтунун директору: педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жоробеков Т.А.

Факультеттин деканы: теология илимдеринин доктору (PhD), доцент Жусупов М.Г.

Окуу иштери боюнча декандын орун басары: теология илимдеринин доктору (PhD), Себетов Ж.Б.

Тарбия иштери боюнча декандын орун басары: теология илимдеринин доктору (PhD), Сарбагышов Б.Р.

ДТжанаЖББП кафедрасынын башчысы: теология илимдеринин доктору (PhD), Тагаев М.К.

Илимий - изилдөө иштери

Факультеттин профессордук-окутуучулар курамы чет элдик жана республикалык деңгээлде уюштурулган семинар-конференцияларга, симпозиумдарга активдүү катышып, илимий журналдарга өз макала, эмгектерин жарыялап турушат. 

Факультеттин илимий байланыштары

     - Кыргыз-Түрк “Манас” университети;

- И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети;

- И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттиик Техникалык Университети;

- Кыргызстан Ислам Университети;

Тышкы байланыштар

- Мармара университети (Түркия);

- Хасеки Билим берүү жана өркүндөтүү борбору (Стамбул, Түркия);

- Стамбул Университети, теология факультети (Түркия, Стамбул);

- Ислам изилдөө борбору (Түркия, Стамбул)

Маданий-массалык иштер, студенттик турмуш жөнүндө

Кураторлор группаларынын студенттери менен биргеликте факультетте, ЖОЖдор аралык өткөзүлгөн ар түрдүү коомдук-маданий иштерге активдүү катышышат.

Факультетте мамлекеттик майрамдарга карата кечелер, «Рамазан айы», «Курбан Айт», «Куттуу Жумалык - Аз. Мухаммед пайгамбарыбыздын туулган күнү», КВН фестивалы, викториналар сыяктуу иш чаралар салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүүдө.

Институтубуз тарабынан уюштурулган спорттун футбол, волейбол, эркин күрөш, узун аралыкка чуркоо, шахмат жана стол теннис түрлөрү боюнча мелдештер активдүү өткөрүлүп турат.

Факультеттин жаштар комитети студенттер арасында маданий массалык иш алып баруу менен факультеттин социалдык турмушун жандандырып турат.

Факультеттин студенттери 200 орундуу бардык шарты бар жатакана менен камсыз болушкан. Жатаканада ашкана, эс алуу жана тейлөө бөлмөлөрү, телевизор көрүүчү зал, сабактарга даярдануу үчүн атайын залдар жайгашкан. Студенттер үчүн  3 маал акысыз ысык тамак берилет. Студенттердин бош убактыларын өткөрүү жана ден соолуктарын чыңдоо үчүн спорт аянтчасы жана комплекстери бар.

Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин бүтүрүүчүлөрү

2012-жылга чейин беш жылдык, андан бери төрт жылдык (бакалавр) билим берүү ишмердүүлүгүндө окуу жай «Дин таануучу» адистиги боюнча 300дөн ашуун бүтүрүүчү чыгарган. Алар:

  • «Бакалаврдык» академиялык даражасына ээ болушат;
  • Колледждин бүтүрүүчүлөрү кесиптик орто билимге ээ болушат;
  • Орто мектептерде дин маданиятынын тарыхы, адеп сабагы жана жогорку окуу жайларда  дин таануу тармагына тийиштүү диндер тарыхы, дин психологиясы сыяктуу жана башка сабактардан билим  бере алышат;
  • Динге байланыштуу мамлекеттик жана кооомдук структураларда иштешет;

Ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр Түркиянын жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантураларында билимдерин өркүндөтүшүп, диссертацияларын  жактоо менен теология адистиги боюнча илимий даражага ээ болушат.

Азыркы күнгө чейин 300дөн ашуун бүтүрүүчү чыккан. Алардын ичинен илимий даражасын жогорулатуу үчүн Түркия, Иордания, Египет жана Россия сыяктуу өлкөлөрдө билимин уланткандардын саны 40ка жетет. Өлкөбүздө мамлекеттик органдарда, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, коргоо министрлиги, аймактык администрациялар, мектоптер, жогорку окуу жайлары сыяктуу мекемелерде, диний чөйрөдө муфтият, казыят, медресе жана мечиттерде кызмат кылып келишет.