• Кыргызстан, Чүй облусу, Арашан ай., Чыңгыш Баатыр к., 36
  • (+996) 705 55 05 01 (+996) 779 55 05 01 (+996) 312 42 00 64
  • arashan.edu.kg@gmail.com
  • Соц тармактардан табыңыз:
“Мекенди Коргоо ыймандан” окутуучуларыбыз Улуттук Гвардиянын аскерлери менен жолугушту

“Мекенди Коргоо ыймандан” окутуучуларыбыз Улуттук Гвардиянын аскерлери менен жолугушту

  • 16/01/2019
  • 00:14

Оболу, “Мекенди сүйүү – ыймандан”, ошону менен бирге эле “Кыямат күнү үч түрдүү адамдын көзү тозоктун отун көрбөйт, алар; Аллах Тааладан коркуп ыйлаган көз, чырм этип уйку албай нөбөт туткан көз жана Аллах тыюу салган нерселерге назар салбаган көз” деген өңдүү пайгамбардын (сав) ыйык хадистери менен коштолгон лекция жоокерлерге дем берчү маанайда башталды.

Лектор катары орун алган коноктор Улуттук Гвардиянын №702 Аскердик бөлүгү тарабынан чакырылган. Кезеги менен КИУнун окутуучусу Усупов Улан, факультетибиздин окутуучулары Жусупов Майрамбек, Кенжекулов Абай жана Курбанбаев Болот мырзалар сөз алып сүйлөштү. Жолугушуу учурунда сөз учугу “Адам өмүрүнүн баалуулугу”, “Кыргызстандагы диний кырдаал жана ар түрдүү деструктивдүү кыймылдар” жөнүндө козголсо да, сөздүн төркүнү диний кырдаал, дин маселелери боюнча мекендештерибиздин ар дайым маалымат менен камсыздандырылып турушу керек экендиги көз жаздымда калган жок.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынганы мамлекеттик бардык институттарда алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келүүдө. Бул багытта өлкөбүздөгү атайын дин таануу факультеттеринин жана кесипкөй адистеринин ролу абдан маанилүү экенин жана күн өткөн сайын өсүп жатканын эске салуу эп.

Абай Кенжекулов