• Кыргызстан, Чүй облусу, Арашан ай., Чыңгыш Баатыр к., 36
  • (+996) 705 55 05 01 (+996) 779 55 05 01 (+996) 312 42 00 64
  • arashan.edu.kg@gmail.com
  • Соц тармактардан табыңыз:
Түркиялык Куран-кыраат илимпозу Мустафа Аксой бүтүрүүчүлөрүбүз менен жолугушуп баарлашты.

Түркиялык Куран-кыраат илимпозу Мустафа Аксой бүтүрүүчүлөрүбүз менен жолугушуп баарлашты.

  • 13/01/2019
  • 01:31

Учурда Түркиянын Газиантеп Университети теология факультетинин окутуучусу, 2004-2011жж. аралыгында институтубуздун, дин таануу факультети, дин таануу кафедрасынын окутуучусу Мустафа Аксой Кыргызстанда болуп, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуп, өзүнүн билим тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти. Айта кетсек, Аксой теология багытында Куран илимдерине тереңдешкен адис катары Курандын окулуш тарыхын, кырааттын он түрүн тең өздөштүрүп, Ислам илимдери тарыхында салтка айлангандай эле аны кийинки муундарга калтыруу жоопкерчилиги жана укугуна ээ адам катары дагы таанымал инсан. Биз кеп кылган ошол укук жана жоопкерчиликти Ислам илимдеринин традициясына ылайык ижазат укугу деп атап келишкен. Айткандай, бүгүн өзүнүн баяндамасында ал, Азирети пайгамбардан муундан муунга өтүп келе жаткан мына ошол Куран окуунун ижазат санжырасы боюнча 31-орунда турарын билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда эмгектенип жүргөн кезинде Куран-кыраат илиминин тарыхтан бери Орто Азияда калыптанган Куранды окуу эрежесин, болбосо ошол он кырааттын бир кыраатын сегиз Кыргызстан жаранына үйрөтүп, салтка айланган ижазат кагазын тапшырып кеткенин дагы кошумчалады. "Ислам пайгамбарынын (САВ) үзүлбөгөн чынжырын улаган илимпоз адамдар арабызда бар экенине бир ирет дагы сыймыктанып, Мустафа Аксой мырзага ден-соолук, илимий жолунда ийгиликтерди каалап узаттык" - деп билдиришет бүтүрүүчүлөр ассоциациябыздын өкүлдөрү. 

Асыл Кенч Коомдук Фонду Баракчасы, https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2006169599436193&id=379984012054768