“Билим алуу – ийне менен кудук казгандай” деген сөздө айтылганы сыңары, билим алуу жана окуп-үйрөнүү ары түйшүктүү, ары кызыктуу иш-аракет. Бүгүн, 17-ноябрь – мына ушул иш-аракетти ишке ашырып, билим алууга умтулган, өзүн өркүндөтүүгө аракеттенген студенттердин эл аралык күнү.
Урматтуу студенттер!
Баарыңыздарды бүгүнкү “Студенттердин эл аралык күнү” менен чын жүрөктөн куттуктап, түйшүктүү жана кызыктуу билим алуу жолунда ийгиликтерди каалаймын!
Терең урматтап ОшМУ АГИ дин таануу факультетинин деканы философиянын доктору Жусупов М.Г.