• Кыргызстан, Чүй облусу, Арашан ай., Чыңгыш Баатыр к., 36
  • (+996) 705 55 05 01 (+996) 779 55 05 01 (+996) 312 42 00 64
  • arashan.edu.kg@gmail.com
  • Соц тармактардан табыңыз:
ОшМУнун мурдагы ректору ф.и.д., профессор Исаков Каныбек Абдуваситович көз жумду!

ОшМУнун мурдагы ректору ф.и.д., профессор Исаков Каныбек Абдуваситович көз жумду!

  • 12/11/2020
  • 18:00

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!

Кыргыз Республикасынын мурдагы Билим берүү жана илим министри, Ош мамлекеттик университенинин мурдагы ректору ф.и.д., профессор Исаков Каныбек Абдуваситовичтин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун жалпы эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Каныбек Абдуваситовичтин дүйнөдөн өтүшү менен билим берүү жана илим тармагы чоң жоготууга учурады. Үлгүлүү инсан, иш билги жана реформатор жетекчи катары анын кылган эмгектери, аткарган иштери бизге баалуу мурас болуп калды.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!