• Кыргызстан, Чүй облусу, Арашан ай., Чыңгыш Баатыр к., 36
  • (+996) 705 55 05 01 (+996) 779 55 05 01 (+996) 312 42 00 64
  • arashan.edu.kg@gmail.com
  • Соц тармактардан табыңыз:
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

  • 07/11/2020
  • 18:30

Өлкөбүздө 7-8-ноябрь күндөрү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" катары расмий белгиленип келет. Бир сөз менен айтылса да, маани-маңызы миң жылга татыган бул расмий эскерүү күндөрү - элибиздин орчундуу тарыхындагы далай кыйын кезеңдерден өтүп, бүгүнкү эгемендүү мамлекет катары өз желегин көтөрүп турган мезгилге чейинки окуяларды камтыйт. Кыргыздын тарыхында жүрөк сүйүнткөн окуялар менен бирге, укканда эс-акылыңдан тандырган окуялар да болуп өткөн. "Тарыхы болбой, эл болбойт" демекчи, ар бир элдин басып өткөн тарыхы, маданияты жана каада-салты ошол элдин учурдагы жашоосу үчүн өтө маанилүү. 
Эки миң жылдан ашык тарыхы бар байыркы элдердин катарына киребиз. Андыктан, бабаларды календардын белгилүү бир күнүндө гана эмес, дайыма эстеп жүрсөк гана тарыхтан сабак алабыз. Алардын мыкты жактарын окуп үйрөнүү менен бирге кетирген каталарын кайталоодон алыс болобуз. 
"Тарых жана ата-бабаларды, саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү" күнүңүздөр менен!

Терең урматтап,
ОшМУ Арашан гуманитардык институту дин таануу факультетинин деканы, философиянын доктору Жусупов Майрамбек.