• Кыргызстан, Чүй облусу, Арашан ай., Чыңгыш Баатыр к., 36
  • (+996) 705 55 05 01 (+996) 779 55 05 01 (+996) 312 42 00 64
  • arashan.edu.kg@gmail.com
  • Соц тармактардан табыңыз:
ФАКУЛЬТЕТИБИЗДЕ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ БОЛУП ӨТТҮ

ФАКУЛЬТЕТИБИЗДЕ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ БОЛУП ӨТТҮ

  • 14/05/2018
  • 13:23

Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү факультетибизде салтка айланган “Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи” болуп өттү. Аземди институтубуздун директору доцент Т.А.Жоробеков ачып, институттун аткарган иш аракеттери, билим берүү жана преспективасы жөнүндө кеңири баяндама жасады. Андан соң директордун орун басары филолог.и.к. Октай Четин, декан С.Ө. Базаркулов куттуктоо сөзгө чыгышты. Кечеде бүтүрүүчүлөр менен институттун келечеги, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууга алынып, сунуш пикирлер айтылды. Ошондой эле кеченин 2- бөлүгүндө курстар аралык волейбол жана футбол боюнча таймаштар өткөрүлүп, институттун спорт комплексинде бүтүрүүчүлөрдүн балдарына арналып оюн-зоок уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө атайын белектер тартууланды. Аземди бүтүрүүчүлөрдүн атынан координатор Абай Кенжекулов алып барды, уюуштуруу иштерине көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.